Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:10

Оштон Бишкекке жөө чыккандар Суусамырга жетти


Жөө жүрүшкө чыккан Кыял Арстанов жер талашка мурдагы аким жана айыл өкмөттөр күнөөлүү деп эсептейт.
Жөө жүрүшкө чыккан Кыял Арстанов жер талашка мурдагы аким жана айыл өкмөттөр күнөөлүү деп эсептейт.

Оштон Бишкекке жөө жүрүшкө аттанган Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылынын төрт тургуну Суусамыр өрөөнүнө жетти. Алардын бири "Азаттыкка" байланышка чыгып, Таласка бурулуп кеткен айрылыш жолдон өткөнүн айтты.

"Суусамырдын ичинде бара жатабыз. Күн өтө суук, кар жаап жатат. Кечээ акыйкатчынын өкүлдөрү Кара-Көл шаарынан жолугуп, арыз-муңубузду угуп, документтерибизди алып кетишти. Андан бери эч ким кабар алган жок", - деди жүрүшкө чыккандардын бири Кыял Арстанов.

Дыйкан-Кыштак айылынын 12 тургуну соттун үйлөрүн бузуу тууралуу чечимине нааразы болуп, 1-октябрда борбор калааны көздөй жөө чыккан. Алардын жарымы артка кайтып, төртөө калган.

Алгач Оштон 12 киши аттанган. Учурда алардын төртөө жолдо баратат.
Алгач Оштон 12 киши аттанган. Учурда алардын төртөө жолдо баратат.

Бишкекке жөө келе жаткандар Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов баштаган бир катар аткаминерлерди жазага тартуу талабын коюшууда. Алар жер талашка мурдагы аким жана айыл өкмөттөр күнөөлүү деген пикирде.

Жергиликтүү бийлик болсо тургундардын үйүн буздуруу боюнча соттун чечими мыйзамдуу болгонун айтууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы Тилек Матраимов Кара-Суу районун сегиз жыл башкарган.

2020-жылдын октябрь айындагы бийлик алмашуудан кийин кызматтан бошотулуп, камакка алынган. Ош шаардык сотунун чечими менен бир айдан кийин үй камагына чыгарылып, айыпка жыгылганы маалымдалган.

Дыйкан-Кыштак айылы документ боюнча Кара-Суу районуна караганы менен Ош шаарынын батыш тарабы менен чектешип, дээрлик шаардын ичинде жайгашкан.(DU)

XS
SM
MD
LG