Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

Бишкек мэри блогерлерди жаңы конуштарга чакырды


Бишкектеги жаңы конуштардын бири.
Бишкектеги жаңы конуштардын бири.

Бишкек шаарынын калаа башчысы Айбек Жунушалиев социалдык медиадагы блогерлерди жаңы конуштарга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-октябрда шаардагы жылуулук маселесине багытталган басма сөз жыйынында айтты.

Ал калаа башчысы катары өзүн жарнамалап, түз эфирлерге чыгууга каршы экенин айтып, күн сайын жаңы конуштарда жүргөнүн айтты.

"Биз мурдагы Бишкекти башкарып турган кызматкерлердей өзүбүздү өзүбүз жарнамалап, социалдык медиага чыга бербейбиз. Мэриянын ишин таанытуу үчүн атайын басма сөз кызматы бар. Мени издеген блогерлер жаңы конуштарды кыдырып жүргөн жеримен таба алат", - деди Жунушалиев.

5-октябрдан баштап Бишкек шаарындагы мекеме-ишканаларга, үйлөргө жылуулук бериле баштады.

Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында таңкыстык жаралууда. Учурда Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан кошумча алууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG