Быйыл физика илиминдеги татаал системалардагы жасаган ачылышы үчүн окмуштуулар Сюкуро Манабэ, Клаус Хассельман жана Жоржо Паризи Нобел сыйлыгын алышты.
Нобелдин ээлери алтын медалга жана 1,1 млн. доллар өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болушат.
Бул сый акы сыйлыкты уюштуруучу, 1895-жылы кайтыш болгон швед ойлоп табуучусу Альфред Нобелдин атынан берилет.
Жыл сайын Стокгольмдогу Нобел комитети сыйлыкты медицина тармагы боюнча ыйгаруудан баштайт. Жакында физика, химия, адабият, экономика тармагындагы алдыңкы жетишкендиктер жана ачылыш жасагандар жарыяланат.
Физика боюнча алгачкы Нобел сыйлыгы 1901-жылы британиялык физик Рожер Пенроузга, америкалык окмуштуу Андреа Гез менен немис астрофизиги Райнхард Генцельге тапшырылган.
4-октябрда медицина тармагы боюнча Нобел сыйлыгы “дене табынын рецепторлору жана теринин сезгичтиги боюнча жасаган илимий ачылышы” үчүн америкалык окумуштуулар Дэвид Жулиус менен Ардем Патапутианга ыйгарылган.
Швециянын Каролин институту 4-октябрда билдирүү жасап, эки окумуштуунун жасаган ачылышы дене табынын өзгөрүүсүнүн өзгөчөлүгүн жана ага айлана-чөйрөнүн таасир этүүсүн түшүнүүгө мүмкүндүк бергенин белгилеген.