Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Саакашвили өзүн “Путиндин туткуну” деп атады


Көптөн бери эмиграцияда жүрүп, мекенине кайтканда кармалып, Руставидеги түрмөгө камалган Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили талаптары аткарылмайынча, ачкачылыкты токтотпой турганын билдирди.

Саакашвилинин грузин тилиндеги каты Фейсбук баракчасына украин, англис жана орус тилдериндеги котормосу менен кошо жарыяланды.

“Мен жана менин адамдарым бошотулмайынча, ачкачылык кармоону токтотпойм”, – деп жазылган анын катында.

Ошондой эле ал эс-учун жоготкон учурда дагы медициналык жардам алуудан баш тарта турганын белгилеген.

Михаил Саакашвилинин айтымында, ал эркиндик жана демократияны калыбына келтирүү максаты менен тарапташтарын активдүү аракеттерге багыттап, "ойготуу” үчүн ушундай катаал чараларга барган.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жазган катында ал иш жүзүндө “Путиндин жеке туткуну” экенин белгилеп, украин президентинин аны боштондукка чыгарууга жасаган аракеттерин жогору баалаган.

Президент Зеленский Саакишвилинин камалышына тынчсызданып, аны кайтаруу боюнча бардык чаралар көрүлөрүн айткан.

Саакашвили Грузияда президент болуп турган кезинде бир нече ишке байланыштуу "коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, сыртынан тогуз жылга кесилген. Мурдагы грузин президенти бул айыптарды саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

XS
SM
MD
LG