Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Бишкек шаардык кеңешинин экс-спикери парламенттик шайлоого катышат


Жаныбек Абиров
Жаныбек Абиров

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы спикери Жаныбек Абиров Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышат. Ал Бишкектин Ленин районунан бир мандаттуу округдан катыша турганын "Азаттыкка" билдирип, 5-октябрда документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырганын айтты.

Абиров 2018-жылы шаардык кеңешке төрага болгон. Быйыл жергиликтүү кеңештерге 11-апрелде өткөн, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо "Эмгек" партиясынан катышып, талапкерлердин тизмесинин сап башында турган. Шайлоонун кийинки айлампасында талапкерлердин тизмесинде болгон эмес.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендер арызын 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтерин 18-октябрга чейин тапшырышы керек. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендер 5-октябрга карата 90дон ашты. Азырынча алардын арасынан БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев гана талапкер катары расмий катталды.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.

XS
SM
MD
LG