Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:00

Абактагы Саакашвили ачкачылык жарыялады


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

1-октябрь күнү кармалып, камакка алынган Михаил Саакашвили Рустав абагына жеткирилгени кабарланды. Маалыматтарга ылайык, Саакашвили ачкачылык жарыялап, Украин консулу менен жолугушууну талап кылган.

Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин камалганына кабатырлыгын билдирди. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Сергей Никифоров маалымдап, расмий Киев украин жаранына карата мындай мамилеси үчүн Тбилисиден түшүндүрмө сурап кайрыларын айтты.

Михаил Саакашвили 1-октябрда Грузияга келгенин жарыялагандан бир нече саат өткөндөн кийин камалды. Бул тууралуу Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили 1-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.

Михаил Саакашвили Грузиянын Батуми шаарында экенин ушул эле күнү Фейсбук аркылуу жарыялаган. Бийлик анда Саакашвили чек арадан өтпөгөнүн билдирген.

"Фейсбуктагы" баракчасында Саакашвили грузиялыктарды 2-октябрдагы шайлоого катышууга, андан кийин Тбилисиде митингге катышууга үндөгөн. 3-октябрда Тбилисиде массалык митинг өтөрү айтылууда.

Учурда Украинада жашаган 53 жаштагы Саакашвили ушул жуманын башында шайлоо күнү «мекенин сактап калууга жардам берүү үчүн» Грузияга кайтарын жарыялаган. Гарибашвили ал келери менен камаларын эскерткен.

Саакашвили президент болуп турганда "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" жана "парламенттеги оппозициячыл депутаттын сабалганын жаап-жашырган" деп айыпталып, 2018-жылдын июнь айында алты жылга сыртынан түрмөгө кесилген. Мурдагы грузин президенти бул айыптарды саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

Грузияда өткөн жылдагы парламенттик шайлоодон бери бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы менен Саакашвили колдоо көрсөткөн оппозициянын ортосунда чыңалуу өкүм сүрүүдө. Оппозиция былтыркы шайлоо бурмаланганын билдирсе, бийлик мындай айыптоолорду четке каккан.

XS
SM
MD
LG