Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:44

Кой-Таш окуясы боюнча сотко Атамбаев алынып келген жок


Алмазбек Атамбаев, Кой-Таш, 27-июнь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев, Кой-Таш, 27-июнь, 2019-жыл.

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча ишти карап, соттук отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келген жок. Ушул иш боюнча айыпталып жаткан президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана саясатчы Равшан Жээнбеков сотко катышты.

Отурумду "Апрель" телеканалы түз көрсөтүп жаткан, бирок сот видео тартууга уруксат берген жок.

Атамбаевдин жактоочуларынын бири Сергей Слесарев сот отуруму 4-октябрга жылдырылганын билдирди. Ошондой эле, Атамбаев ден соолугунан улам сотко алыынп келбегенин айтты. Сот кийинки отурумга Атамбаевди онлайн катыштурууну камсыздоону тийиштүү органдарга тапшырган.

27-сентябрдагы соттук отурум адвокаттын жоктугунан улам 29-сентябрга жылдырылган.

Апрель айынан бери токтоп турган соттук жараян 13-сентябрда уланмак. Бирок ишти караган судья Азирет Медеров ооруп калгандыгына байланыштуу болбой калган. Андан кийин олтурум 20-сентябрга белгиленип, айыпталуучулар жана адвокаттардын толук келбегенинен 27-сентябрга белгиленген.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анын тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып, бир офицер курман болгон.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев ушул тапта Бишкектеги №47 колонияда отурат.

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин тарапташтарына жана Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага да айып коюлган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG