Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:56

Бөкөнтаев Убактылуу өкмөт ага жок жерден кылмыш ишин козгогонун айтты


Кубанычбек Бөкөнтаев.
Кубанычбек Бөкөнтаев.

Улуттук банктын төрагалыгына талапкерлиги сунушталып жаткан Кубанычбек Бөкөнтаев 2010-жылы өзүнө карата козголгон кылмыш иши тууралуу Жогорку Кеңеште маалымат берди.

Ал депутат Абдывахап Нурбаевдин суроосуна жооп берип жатып, апрель окуясынан кийин "Өнүктүрүү фондунда 220 млн. сом бар" деп элге ачык жарыя кылганы үчүн Убактылуу өкмөттүн куугунтугуна кабылганын айтты:

"Апрель окуясына чейин мен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштегем. 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт бардык акча таланып-тонолгонун, анын ичинде Өнүктүрүү фондунда да акча жоктугун жарыялаган. Мен банк тармагына жооптуу болгондуктан, чыныгы кырдаалды билет элем. Ошондуктан, маалымат жыйынын уюштуруп, мамлекеттик бюджетте бир нече миллиард сом, ал эми фонддо 220 млн. доллар бар экенин ачык айткам. Ошондон кийин мени кызматтан алып, прокуратура коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал жерде кылмышты мен эмес, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кылган. Алар өздөрү банк ячейкаларынан бир нече миллион долларды алып, жок кылышкан".

2010-жылы жайында Убактылуу өкмөттүн укук коргоо органдарын караган орун басары Азимбек Бекназаров менен каржы тармагын тескеген Темир Сариевдин банк уячаларынан алынган доллар тууралуу телефон сүйлөшүүсү жазылган аудио интернетке чыгып кетип, коомчулукта кызуу талаш-тартыш жараткан. Кийин аталган каармандар муну үндөрү атайын монтаждалган чагым деп баалап, сөз болгон акча каражаты өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салууга жумшалганын айтып чыгышкан.

Улуттук банктын төрагалыгына талапкер Кубанычбек Бөкөнтаев 2006-жылдан 2010-жылга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2010-жылы 28-апрелде кызматтан бошотулган. Башкы прокуратура Улуттук банктын жетекчилигин "АзияУниверсалБанктын" ячейкаларынан 3 млрд. сом жоголгону үчүн айыптаган.

Бөкөнтаев ошондой эле "Ысык-Көл инвест" банкын басып алууга жана орусиялык насыя акча - 220 млн. доллар уурдоого айыпталган.

2010-2012-жылдары Депозиттерди коргоо агенттигин, 2016-жылдан тартып "Мамлекеттик лотерея компаниясын" жетектеген.

Кубанычбек Бөкөнтаев жакында эле Улуттук Банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге каршы 2010-жылы берген көрсөтмөсүнөн баш тарткан. Качкын президент Курманбек Бакиевдин жакындары менен бирге "Ысык-Көл инвестициялык банкын" тартып алууга катыштыгы бар деп айыпталган Марат Алапаевге чыккан сот өкүмүн Жогорку сот жакында эле жокко чыгарган.

"Ысык-Көл инвестициялык банкты" Максим Бакиевдин көмөгү аркылуу мыйзамсыз тартып алган деген айып менен 10 жылга сыртынан кесилген Райкүл Жапаровага чыгарылган сот чечимдери быйыл январь айында жокко чыгарылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG