Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:57

АКШ генералы: Борбор Азиядагы коопсуздукка байкоо салып турабыз


АКШнын Монтана штатынын адъютант-генералы Питер Хронек.
АКШнын Монтана штатынын адъютант-генералы Питер Хронек.

Кыргызстанга 25-сентябрдан 29-сентябрга чейин атайын иш сапар менен келген АКШнын Монтана штатынын адъютант-генералы Питер Хронек Ооганстандагы абалга жана Борбор Азиядагы коопсуздукка Америка байкоо салып турганын "Азаттыкка" курган маегинде айтты.

"Биз үчүн Кыргызстандын жана бул аймактагы бардык өлкөлөрдүн коопсуздугу, аймактык бүтүндүгү, көз карандысыздыгы өзгөчө мааниге ээ. Коопсуздук жаатында Кыргызстан каалаган өлкө менен кызматташа алат. Ооганстандагы окуялар кандай нукка бурулбасын АКШ ар дайым аскерлерди окутуу, алардын кесиптик деңгээлин көтөрүү, техникалык жактан колдоо жаатында Кыргызстан менен кызматташат".

Америкалык генерал иш сапары учурунда өзгөчө кырдаалдар министри, Чек ара кызматынын жетекчилиги менен жолугуп, Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүккө да барды. Ал Кыргызстандын аскерий жетекчилиги менен кызматташууну талкуулады.

Монтана штаты менен Кыргызстандын кызматташтыгы АКШнын Коргоо министрлигинин демилгеси менен 1995-жылы башталган.

2014-жылга чейин Кыргызстан АКШнын Борбор Азиядагы башкы аскердик өнөктөшү болуп келген. 2014-жылы "Манас" транзиттик борбору жабылгандан кийин деле АКШнын Борбордук командачылыгы кыргыз аскерлерине согуштук даярдык, англис тилин үйрөнүү, террорчулукка каршы күрөш, чек араны коргоо багытында бир катар машыгууларды уюштуруп келген. (BCh)

XS
SM
MD
LG