Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:17

Кыргызстандын Италиядагы элчиси ишеним громатасын тапшырды


Кыргызстан менен Италия дипломатиялык алака түзгөнүнүнө 30 жыл болду.
Кыргызстан менен Италия дипломатиялык алака түзгөнүнүнө 30 жыл болду.

Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев аталган өлкөнүн президенти Сержо Маттареллага 28-cентябрда ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарадан соң элчи Базарбаев Италиянын президенти менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы мамиле тууралуу сүйлөшүү өткөргөн.

Анда Таалай Базарбаев Кыргызстан менен Италия кийинки жылы дипломатиялык алака түзгөнүнүн 30 жылдыгын белгилерин, анын алкагында бир катар иш-чаралар пландалганын, ноябрь айында италиялык ишкерлердин Кыргызстанга келери күтүлүп жатканын билдирген.

Кыргызстан Италия менен дипломатиялык алака түзгөнүнө 30 жылга чамалаганы менен бул өлкөдө кыргыз элчилиги былтыр гана ачылды. Алгачкы элчи болуп буга чейин өкмөттө, Тышкы иштер министрлигинде иштеген Таалай Базарбаев дайындалган.

XS
SM
MD
LG