Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

"Озоди" "Талибан" жүздөгөн качкындарды Тажикстанга өткөрбөй жатканын билдирди


"Озоди" радиосунун колуна тийген видеодон алынган сүрөт.
"Озоди" радиосунун колуна тийген видеодон алынган сүрөт.

Ооганстанда бийлик башына келген "Талибан" кыймылы жүздөгөн ооган качкындарын коңшу Тажикстандын аймагына өткөрбөй жатканы белгилүү болду. "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун тажик кызматынын ("Озоди" радиосунун) колуна тийген видеодо көрүнгөндөй, Ооганстандын түндүк-батышындагы Бадахшан провинциясы менен Тажикстандын Ишкашим району чектешкен аймакта жүздөгөн качкындар топтолуп турат.

Алар Тажикстанга өтө албай жатканын Ооганстандагы "Бадахшан Плюс" каналынын блогери Абдулфаттох Азизи "Озоди" радиосуна айтып берген. Маалыматка ылайык, талибдер качкындардан үйлөрүнө кайтып барууну талап кылган. Болбосо алар жазага кабыларын эскерткен.

Оогандык блогердин айтымында, чек арага жакын аймакта 400дөй үй-бүлө топтолуп турат.

"Абал өтө оор. Айрымдары бактардын алдында жатышат. Колунда эч нерсеси жок. Ымыркайлар кандай абалда экенин карасаңыз. Муну карап туруу кыйын", - деп билдирди аймакка барып келген блогер Абдулфаттох Азизи.

Качкындардын көбү Ооганстандын Панжшер, Парван жана Саманган аймактарынын тургундары. Көбүнесе этникалык тажиктер байырлаган Панжшер провинциясы талибдерге каршылык көрсөткөн жалгыз провинция катары мүнөздөлүп келген эле.

Тажик чек арачыларынын айтымында, талибдер качкындарга Тажикстанга өтүүгө уруксат берген эмес. Азырынча бул маселе боюнча "Талибан" тараптын позициясы белгисиз.

Соңку үч айдан бери Тажикистанда оогандык качкындардын маселеси талкуу жаратып келет. Июнь-июль айларында ондогон оогандык аскерлер, анын ичинде 350дөй памирлик кыргыздар Тажикстандын аймагына өтүп келген. Тажик бийлиги алардын көбүн кайра Ооганстанга кайтарган. Бирок талибдер ооган бийлигин басып алгандан бери канча качкын Тажикстанга өтүп келгени белгисиз.

Тажик бийлиги "Талибандын" жаңы өкмөтүндө Ооганстандагы пуштундардан кийинки эле эң ири этностук топтун же оогандык тажиктердин кызыкчылыгы эске алынбай калганын белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG