Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Орусияда COVID-19дан көз жумгандардын саны өсүүдө


Москвадагы коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоочу оорукананын аймагы, 26-июль 2021-жыл.
Москвадагы коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоочу оорукананын аймагы, 26-июль 2021-жыл.

Соңку бир сутка ичинде Орусияда COVID-19га чалдыккан 852 бейтап көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Орусияда коронавируска каршы эмдөө жай жүрүп, вирустун "Дельта" варианты да жайылып жатат.

Буга чейин коронавирустан каза болгондордун бир күндүк эң жогорку көрсөткүчү 24-сентябрда катталган. Анда бир сутка ичинде 828 бейтап COVID-19дан кайтыш болгону кабарланган.

Расмий эсепке ылайык, Орусияда коронавирустун жалпы курмандыктарынын саны 205 миңден ашты. Бул Европа чөлкөмүндөгү эң жогорку сан.

Орусия коронавирус эң көп адамга жуккан дүйнөдөгү бешинчи мамлекет. Расмий статистика боюнча, бул өлкөдө 7 миллиондон ашуун киши коронавируска чалдыкты.

Соңку апталарда вирус Москвада көп катталып жатат. Орус баш каласынын мэринин орун басары Анастасия Ракова билдиргендей, учурда Москвада коронавируска чалдыккан жаңы бейтаптардын баарынан тез жайылуучу "Дельта" варианты табылып жатат.

28-сентябрга карата Орусияда калктын 28 пайызы гана коронавируска каршы толук эмдөөдөн өттү.

XS
SM
MD
LG