Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:52

Түрк тилдүү мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жолугушту


Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйыны. Баку, Азербайжан. 2019-жыл.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйыны. Баку, Азербайжан. 2019-жыл.

Жолугушуу түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТТМКК) тышкы иштер министрлеринин отурумун утурлай, 26-сентябрда, Түркиянын Стамбул шаарында өттү. Жолугушууга Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркиянын тышкы иштер министрлери жана ТТМККнын Башкы катчысы катышты.

Жолугушууга ошондой эле, Нобел сыйлыгынын лауреаты, илимпоз-биохимик Азиз Санжар катышып, цивилизациялык өнүгүүдөгү түрк дүйнөсүнүн ролуна илимий мамиле, медициналык өнүгүүнүн заманбап тенденцияларын айтып берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө 12-ноябрда Стамбулда өтө турган ТТМККнын юбилейлик саммитинин күн тартиби, каралуучу актуалдуу маселелер, түрк кызматташтыгын аймактык шартта өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылдын октябрында түзүлүп, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчүлөр катары кирген. Өзбекстан уюмга кошулууга ниетин 2018-жылы апрель айында билдирип, 2019-жылы Бакуда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйынында мүчө болгон. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ.(ZKo)

XS
SM
MD
LG