Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:40

Ооганстанда талибдер бир канча кишини эл алдында дарга асты


Өлгөн кишинин сөөгү кранда асылып турат. Герат, Ооганстан.
Өлгөн кишинин сөөгү кранда асылып турат. Герат, Ооганстан.

"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) бир канча кишини эл алдында дарга асты. Төрт кишинин сөөгү Ооганстандын батышындагы Герат шаарынын башкы аянтында асылса, дагы үчөөнү талибдер шаардын башка бөлүгүнө алып кетишкен.

Бул тууралуу күбөлөрдүн бири Associated Press агенттигине билдирген. Жергиликтүү чиновниктин айтымында, "бул адамдар оогандык ишкер менен анын уулун уурдап кетти" делгенден кийин болгон атышууда өлтүрүлгөн. Башка басылмалар жазгандай, уурдалгандардын бири талибдердин согушкери болгон.

"Мындан ары андай кылмыштарга эч ким барбаш үчүн биз алардын сөөгүн Герат аянтына астык", - деген Гераттын губернаторунун орун басары Маулваи Шаир Ахмад Эмар.

"Талибан" кыймылы Ооганстанда кылмыш кылгандарды катуу жазалаган практиканы кайра киргизүүнү пландап жатканын билдирген. Кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири Нуриддин Тураби Associated Press агенттигине курган маегинде сөз колун кесүү жана өлүм жазасы тууралуу болуп жатканын айткан.

Талибдер бийликте турган учурда Ооганстанда киши өлтүрүүгө өлүм жазасы берилген. Уурулукка баргандардын колу, талап-тоноочулук кылгандарын колу-буту кесилген. Бул жаза жалпы коомчулук алдында, Кабулдагы стадиондо ишке ашырылып келген. Нуриддин Тураби учурда талибдер түзгөн өкмөттө Жаза аткаруу кызматын жетектейт.

Кыргызстанда тыюу салынган радикал кыймыл Ооганстандын аймагынын басымдуу бөлүгүн жана 15-августта Кабулду өз көзөмөлүнө алып, бийлигин орноткон. Алардын бийлигин дүйнөнүн бир да өлкөсү тааный элек.

XS
SM
MD
LG