Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:04

Бишкекте Дүйнө эпосторунун эл аралык фестивалы өтүүдө


Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу. 1860–1942-ж.).
Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу. 1860–1942-ж.).

Бишкекте Эгемендиктин 30 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө эпосторунун эл аралык VI фестивалы өтүүдө. Ага дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү катышып жатат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 24-сентябрда билдиргендей, улуттук аң-сезимди чыңдоо, эпикалык мурастарды глобалдык деңгээлге алып чыгуу жана жандандыруу максатын көздөгөн иш-чара президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашырууга багытталган.

Фестиваль алкагында илимий-практикалык симпозиум өткөрүлүп, дүйнө элдеринин эпикалык салттары кеңири талкууланууда жана «Манас» эпосу дүйнөлүк маданиятта: илим, искусство, адабият» аттуу жыйын уюштурулуп жатат.

Ошондой эле «Кыргыз Көчү» этнографиялык айылында «Мыкты боз үй», «Мыкты Семетейчи» жана дизайнерлер арасында «Саркеч көчмөн» сынактары өтөт.

25-сентябрда жыйынтыктала турган фестиваль концерт жана улуттук оюндар менен коштолууда.

Эл аралык фестиваль 2006-жылы дүйнөлүк оозеки мурасты сактоонун инновациялык ыкмаларынын бири катары башталган.

Улуу акын, манасчы, ойчул, кыргыздын тамсилдик өнөрүнө чыйыр салган агартуучу Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу. 1860–1942-ж.) ошол мезгилде өз чыгармаларын кагазга түшүрүп, кол жазмаларын эл арасына тараткан жазма акындардын катарына кирет. Алар доордун билимдүүлөрүнүн катарына кошулуп, ысымына кошумча “молдо” эпитети кошуп айтылып, эл ичинде чоң абройго ээ болушкан. (RK)

XS
SM
MD
LG