Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:40

Иран ядролук келишимди жандандыруу маселесин талкуулагысы келет


БУУнун Башкы Ассамблеясы. Нью-Йорк, 21-сентябрь 2021-жыл
БУУнун Башкы Ассамблеясы. Нью-Йорк, 21-сентябрь 2021-жыл

Ирандын жаңы президенти Ибрахим Раиси санкциялардан арылуу үчүн дүйнө державалары менен 2015-жылкы ядролук келишимди жандандыруу маселесин талкуулоону каалайт. "Ислам жумурияты бардык катаал санкциялардын алынышына өбөлгө түзгөн сүйлөшүүлөрдү пайдалуу деп эсептейт", - деп билдирди Раиси шейшембиде БУУнун Башкы ассамблеясындагы кайрылуусунда.

Быйыл Венада Иран жана дүйнөлүк алты держава (АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия жана Франция) ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн 6 айлампасы өткөн. Жолугушуулар июнда Иранда президенттик шайлоону ашынган консерватор саясатчы Раиси жеңгенден кийин токтоп калган.

21-сентябрда АКШ президенти Жо Байден БУУнун трибунасынан сүйлөп жатып Вашингтон ядролук келишимге "толугу менен" кайтууга даяр, бирок ал үчүн Тегеран дагы ушундай эле аракет көрүүгө тийиш деп айткан.

2018-жылы Ирандын атомдук программасын чектөөнү көздөгөн келишимден АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп чыгып кетип, санкциялар калыбына келе баштаган. Ошондон кийин Ислам жумурияты бара-бара документтеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан.

Ошол эле 21-сентябрда Ирандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Саид Хатибзаде Венадагы сүйлөшүүлөр бир нече жуманын ичинде жанданарын билдирди.

Батыш Тегеран атомдук куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын айтып келсе, Иран бийлиги программасы тынчтык максаттарын гана көздөрүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG