Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Түркмөн полициясы кол кармашкан жаштарды аңдыйт


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддын сейил бактарында полиция көзөмөлдү күчөттү. Алар кылмышкерлерди же эреже бузгандарды эмес, кол кармашып баскан кыз-жигиттерди издешет.

Жергиликтүү журналисттер акыркы күндөрү Ашхабаддын сейил бактарында рация көтөрүп, эс алуучуларды күзөткөн полиция кызматкерлерин көп көрө баштаганын айтышууда. Алар аллеяларды кыдырып, кимдер сейилдегенине байкоо салышат.

Адеп-ахлак полициясы негизинен шаардык "Ылхам" паркына көз салат. Алар өзгөчө кол кармашып отурган кыз-жигиттерди текшерет.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызыматынын аймактык кабарчысы полиция кызматкерлери паркта кыз-жигиттерге чогуу отурууга болбосун түшүндүрүүдө.

"Полиция биринчи жигитти чакырып, суракка алат. Эгер ал жанындагы кыз карындашы же эжеси экенин айтса, паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн талап кылат. Эгер алар курсташ экенин айтса, кармалгандар териштирүү иштери үчүн полиция бөлүмүнө жеткирилет. Бөлүмдө окуу жайдын жетекчилигине жана студенттердин ата-энесине кабар берилет".

"Ылхам" паркы. Ашхабад шаары. 2021-жыл.
"Ылхам" паркы. Ашхабад шаары. 2021-жыл.

Деген менен Ашхабаддын ички иштер башкармалыгы мындай текшерүүнүн себептерин түшүндүргөн эмес. "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы шаардык полицияга комментарий сурап кайрылып, маалымат ала алган жок.

Ал арада бир аптадан бери Ашхабад полициясы чолок шымчан аял-эркектерди да токтото баштаганы байкалууда. Чолок шымчан адамдар банктарга же мамлекеттик мекемелерге киргизилбей жатат. Кармалгандарга полиция эскертүү берүүдө. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бул аракеттеринин себебин түшүндүрө элек.

Негизинен Түркмөнстанда мамлекеттик майрамдар жана ири иш-чаралардын алдында калкты көзөмөлгө алуу күчөйт. Азыркы тапта өлкө эгемендиктин 30 жылдыгына даярданууда.

Түркмөнстандык жаштар. 2017-жыл.
Түркмөнстандык жаштар. 2017-жыл.

Ушуга окшош абал Ашхабадда 2017-жылы да байкалган. Анда "Ашхабад жаштар оюндары" иш-чарасынын алдында шаардын көчөлөрүндө жаштар менен кыздар массалык түрдө текшерилген. Документтерин кароо учурунда чогуу баскандар тууган эмес экени аныкталса, полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Түркмөнстанда билим берүү мекемелеринин студенттерине бир катар чектөөлөр жана талаптар коюлган. Буга чейин студент кыздарга, өлкөнү унаа менен кыдырууга тыюу салынган болчу. Анда түркмөн кыздарга кайсы бир аймакка учак менен гана барууга уруксат берилген. Ошондой эле, Түркмөнстандагы жогорку окуу жайлардын студенттерине өз алдынча автоунаа айдоого жана жатаканадан дем алыш күндөрү атайын уруксатсыз чыгууга тыюу салынган.

Өлкөнүн орто мектептеринде тарбия иштерине арналган жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп, анда жарандардын жүрүм-турум нормалары, аялдардын жана кыздардын келбети байма-бай талкууланып турат.

Түркмөнстанда ушундай тыюу алгач 2008-жылы жаз айында киргизилип, талап бара-бара жумшарган. Ошол жылы Amnesty International укук коргоо уюму Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдарга карата басмырлоону токтотуу комитетинин жыйынында түркмөн бийлигин кыз-келиндердин укугун жана эркиндигин чектөөнү токтотууга чакырык болгон.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG