Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:47

Басызбек Баратов АКШ мушкери Жозеп Ридди жеңди


Сүрөт Pittsburgh Kyrgyz Community уюмуна таандык. 18-сентябрь, 2021-ж.
Сүрөт Pittsburgh Kyrgyz Community уюмуна таандык. 18-сентябрь, 2021-ж.

Кыргызстандык мушкер Басызбек Баратов АКШнын Пенсильвания штатынын Питтсбург шаарында өткөн профессионалдык бокс мелдешинде америкалык Жозеп Ридди жеңип алды.

Баратовдун "Азаттыкка" маалымдаганына караганда, беттеш 18-сентябрда өткөн. Төрт раундга созулган таймаштын жыйынтыгында калыстар кыргыз боксчусуна жеңишти ыйгарышкан.

Баратов ушуну менен профессионалдык бокста бешинчи жолу жеңишке жетип жатат. Буга чейин ал жети беттеш өткөрүп, бир жолу утулуп, эки ирет тең чыккан.

Басызбек Баратов 29 жашта, 2015-жылдан бери АКШ да жашап, машыгып, Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет. Төрт жылга жакын тыныгуудан кийин машыгууларын улантып, быйыл рингге кайрадан чыга баштады. Быйыл май жана июнь айларында Питтсбург шаарында өткөн таймаштарда америкалык мушкерлер Ролан Харрисон жана Майкл Расселди жеңип алды. (GT)

XS
SM
MD
LG