Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Индия Кыргызстанга 30 млн. доллар грант бөлүүгө даяр


Кыргызстан менен Индиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу. Дүйшөмбү шаары, 17-сентябрь ,2021
Кыргызстан менен Индиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу. Дүйшөмбү шаары, 17-сентябрь ,2021

Индия эрте натыйжа бере турган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 30 млн. доллар грант берүүгө даяр. Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Субраманьям Жайшанкар жолуккан учурда айтылды. Эки министр Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Дүйшөмбү шаарында жолукту.

Анда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтык, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү маселелер талкууланды. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, тараптар телемедицина долбоорун кеңейтүү жана Бишкектеги кыргыз-индия биргелешкен билим берүү IT-борборунун ишин кайра жандандырууга көңүл бурушту.

Мындан сырткары туристтик агымды көбөйтүү, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн Дели - Бишкек - Дели багыты боюнча кошумча түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Казакбаев 2023-2025-жылдар аралыгында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине жана уюмдун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөсүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчүн билдирди.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп жатат. ШКУнун бүгүнкү саммити 16-сентябрда Дүйшөмбүдө өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынынан соң уюштурулууда. Аймактык аскердик уюмдун күн тартибинин башкы сабына Ооганстандагы кырдаал чыккан эле. Жыйынга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG