Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:27

Алтынбек Сулайманов: Шайлоо алдында чогулган командаларды алсыратуу аракети болуп жаткандай


Алтынбек Сулайманов ИИМден сурактан чыкты. 2021-жылдын 15-сентябры.
Алтынбек Сулайманов ИИМден сурактан чыкты. 2021-жылдын 15-сентябры.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бир топ саясатчылардын Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылып жатканын алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштырууда. Мындай пикирин ал 15-сентябрда ИИМден сурактан чыккандан кийин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Сулайманов суракка маданият ишмерлеринин президентке кайрылуусу деген катка байланыштуу чакырылганын билдирди:

“Менин жеке пикиримде, шайлоо алдында чоң командаларды алсыратуу түшүнүгү болуп жатат окшойт. Бизге келе тургандар качышы керекпи же башкабы... Мени чакырууга эч себеп жок эле. Эмнеге чакырышканын өзүмө да түшүнүксүз болууда”.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөткөн. Ага үндөш маданият ишмерлери кол койду деген кагазда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышты.

15-сентябрда ИИМге суракка ЖК депутаты Жанарбек Акаев да чакырылды. Азырынча ал сурактан чыга элек.

ЖК депутаты Бакытбек Жетигенов да ИИМде суракта болду.

Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов ИИМге жеткирилди.

Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылар боюнча расмий маалымат бере элек.

14-сентябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде шектүү катары кармалган. Адвокаты ал фейк маалыматтын негизинде кармалганын билдирген. 15-сентябрда Алмаз Сарыбаев кармалды. (TSh/EBM/RK)

XS
SM
MD
LG