Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:39

"Талибан" түзгөн өкмөт Дүйшөмбүдөгү ШКУнун жыйынына катышпайт


ШКУга мүчө мамлекеттердин желектери, 18-сентябрь, 2018-жыл.
ШКУга мүчө мамлекеттердин желектери, 18-сентябрь, 2018-жыл.

16-17-сентябрда Дүйшөмбүдө өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөнүнүн 20 жылдык саммитине Ооганстандын делегациясы катышпайт. Бул тууралуу орусиялык медиа каражаттары аймактык уюмдун расмий өкүлүнө таянып билдирди.

Орусиянын президентинин Шанхай кызматташтык уюмунун иштери боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Бахтиер Хакимов "ШКУнун иш-чарасына конокторду чакыруу уюмга төрагалык кылган – мамлекеттин башчысынын карамагындагы иш. Ооганстан ШКУга байкоочу мамлекет болгондуктан, саммитке чакыруу өлкөнүн мурдагы жетекчилигине жиберилген. Мындай кырдаалда аймактык уюмга мүчө бардык мамлекеттер Ооганстанда легитимдүү бийлик келмейинче иш-чараларга чакырбай турууну туура көрүшөт", - деп түшүндүрдү.

ШКУнун 20 жылдык мааракелик саммитин тосуп жаткан тажик бийлиги ооган делегациясынын келээр-келбеси тууралуу маалымат бере элек. Ооганстан аймактык уюмга байкоочу макамы менен катышып жүрчү.

Дүйшөмбүдө Шанхай кызматташтык уюмуна жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекет башчылардын жыйыны алгачкы ирет чогуу өтөт. Эки аймактык уюмдун алкагында жолуккан лидерлер Ооганстандагы кырдаалды талкуулашат.

16-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун сессиясы өтөт. Ага Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, беларус лидери Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров, Орусиянын президенти Владимир Путин жана ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась катышат.

17-сентябрда Дүйшөмбүгө Орусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Ирандын президенттери, Пакистандын премьер-министри келет.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Кытайдын лидери Си Цзинпин, Монголиянын лидери Ухнаагийн Хурэлсух саммиттин ишине онлайн катышарын тажик тышкы иштер мекемеси билдирди.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Дүйшөмбүгө ардактуу конок макамында келет.

Владимир Путин Дүйшөмбүгө бир күн мурда келип, тажик кызматташы Эмомали Рахмон менен кезигет. Маалыматка караганда, Дүйшөмбү-Москва ортосунда 20дан ашуун документке кол коюлат.

Дүйшөмбү саммити ШКУга мүчө мамлекеттердин Ооганстанга байланыштуу позициясы ар кыл маанайда болгон учурда өткөнү турат. 15-августта Кабулдагы бийликти кулаткан "Талибан" кыймылы менен кызматташууга даяр экенин Кытай жана Өзбекстан билдирди. Тажикстан жаңы ооган бийлигин тааныбайт жана өлкөдөгү бардык улуттардын өкүлдөрү кирген мунаса өкмөт түзүүнү талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG