Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:33

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатына катышат


Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76) 2-10-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өтө турган кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатына катышат. Бул маалыматты Күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, учурда спортчу кыздар Ысык-Көлдө машыгууда.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова буга чейин дүйнө чемпионатында алтын (Нур-Султан, 2019-ж.) жана коло (Париж, 2017-ж.) медал тагынган. Азиянын төрт жолку чемпиону. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.

22 жаштагы Мээрим Жуманазарова Жайкы Олимп оюндарынын коло байгесинин ээси (Токио-2020). 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло медал тагынган, бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү. 2021-жылдагы Азия чемпиону, Азия оюндарынын байге ээси.

Айпери Медет кызы 22 жашта. Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиону (2017-ж.). Кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), дүйнө чемпионатында күмүш (2016-ж.) байгелерин алган. Быйыл Токиодо өткөн Олимпиадада 5-орунду ээледи. (КЕ/ECh)

XS
SM
MD
LG