Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:43

Чаткалда эл "Эти Бакыр Терексайдын" иши менен таанышты


Чаткал. Терек-Сай.
Чаткал. Терек-Сай.

Чаткалдагы “Эти Бакыр Терексай” ишканасы 10-сентябрда Терек-Сай айылынын тургундары үчүн тааныштуруу турун уюштурду. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады. Турга тоо кен казуу тармагында эмгектен 15ке жакын ардагерлер катышып, өндүрүштө колдонула турган жаңы технологиялар менен таанышты.

“Кен иштетүүдө жүгүртмө сууну пайдалануу системасы киргизилип, суунун кошулмасын көп жолу пайдаланып, калдык сактоочу жайга төгүлбөйт. Бул деген, зыяндуу заттар дарыяга кошулуу коркунучу толугу менен жокко чыгарылат дегенди түшүндүрөт”, - деди ишкананын башкы технологу Алаттин Демиржи.

Ал алтын ылгоочу жаңы фабриканын курулушун 2022-жылы бүтүрүү пландалып жатканын белгиледи. Жергиликтүү тургундар алтын өндүрүүдө колдонулган реагенттердин коопсуздугу боюнча суроо узатышты.

“Элде цианид боюнча көптөгөн туура эмес маалыматтар тарап кеткен. Алтын чыгарууда цианид, башка заттарга салыштырмалуу кооптуулугу эң аз экенин билгендер аз. Бардык эрежелерди сактап, иш кылса цианиддин айлана-чөйрөгө зыяны жок. Ал күн нурларынан жок болуп кетет”, - деди инженер-эколог Увасип Аманбаев.

8-сентябрь күнү “Эти Бакыр Терексай” алтын компаниясына каршы жергиликтүү тургундар акцияга чыгып, талап коюшкан. Алар “Бизге таза аба керек!”, “Бизди өлтүрбө, Эти Бакыр!”, “Таза экология - муундун келечеги”, “Бизге тынч уйку керек” деген жазууларды кармап көчө кыдырышкан.

“Айылды чаңга бөлөгөнү үчүн, мал жайган жайыттарды талкалап салганы үчүн элге компенсация төлөсүн. Ачык казып жаткан иштерин жер алдынан казууга өтсүн, ишкана саркынды төгүлүүчү жерин башка жакка которсун. "Эти Бакыр" компаниясынын башкы экологу Увасип Аманбаев ээлеген кызматынан бошотулсун", - деген жергиликтүү активист Ийгилик Тургуналиев

“Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген биргелешкен ишкана, 25% үлүшү Кыргызстандын “Кыргызалтын” ачык коомуна таандык, 75% үлүшүнө Түркиялык “Эти Бакыр” ачык коому ээлик кылат. Мында долбоорду каржылоо милдетин толугу менен түрк тарап мойнуна алган. Жаңы алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу менен өндүрүштүк комплексти куруу 200 млн. долларды талап кылат. Аталган ишканада 1119 киши иштесе, 219 адам Түркиянын жараны. (КЕ)

XS
SM
MD
LG