Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:14

Мадумаров: "Бүтүн Кыргызстан" башка партиялар менен бирикпейт


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы 28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого башка саясий партиялар менен биригип барбайт. Бул тууралуу партиянын лидери Адахан Мадумаров "Азаттыктын" "Эки-бир" берүүсүндө билдирди.

Мадумаровдун айтымында, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы саясий партиялар менен бирикпейт, партиянын идеясын колдоп, кошулам деген саясатчыларга эшик ачык.

"Биз эч ким менен сүйлөшпөйбүз. Сүйлөшүүгө келип жаткан партиялар бар. Бирок саясий, турмуштук, жашоого болгон көз карашыбыз, баалуулуктарыбыз дал келбегендиктен, кечирип койгула деп ийгилик каалайбыз", - деди Мадумаров.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы 2010-2015-2020-жылдардагы парламенттик шайлоого катышкан. Эки жолу шайлоонун босого чегинен өтпөй калып, 2020-жылы өткөн шайлоодо 7% босого чектен өткөн жалгыз оппозициялык партия болгон.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул жолку шайлоодо депутаттар партиялык ачык тизме жана бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бийликтин алмашуусуна алып келген нааразычылык митингинен кийин жокко чыккан. (МТа)

XS
SM
MD
LG