Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти тергөөнү башка мекемеге өткөрүп берүү өтүнүчү айтылды. Мындай өтүнүч Жаза аткаруу кызматы менен Атайын прокуратурага берилди. Бул тууралуу адвокат Бакытбек Автандил уулу "Азаттык" радиосуна кабаралады.
"Жаза аткаруу кызматы бул ишти тергей албайт. Өзүнүн карамагындагы кызматкерлерине мыйзам чегинде чара көрө албайт деп өтүнүч келтиргенбиз. Мындан ары деле өзүбүз тергейбиз дей берсе анда сотко кайрылабыз", - деди жактоочу.
Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти жаңы жагдайлар боюнча 1-сентябрдан тартып тергей баштаган. Аталган кызматтын өкүлү Элеонора Сабатарова адвокаттардын 2-3 киши суралбай калды деген өтүнүчү эске алынып, жаңы жагдай боюнча тергөө башталганын "Азаттыкка" кабарлаган.
2010-жылдын июнь окуялары үчүн айыпталган Аскаров өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 колонияда көз жумган. Жаза аткаруу кызматы ал пневмониядан каза болгонун кабарлаган. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген.
Укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталып, кийин Жаза аткаруу кызматынын тергөөчүсү ал ишти токтотуп койгон.
“Бир дүйнө Кыргызстан” жана адвокаттар Айдар Сыдыков менен Бакытбек Автандил уулу тергөөчүнүн бул чечими мыйзамсыз экенин айтып, Бишкектин Свердлов райондук сотуна кайрылышкан. Райсот быйыл 1-июнда адвокаттардын арыздануу мөөнөтү өтүп кеткенин айтып, териштирүүнү токтоткон. 27-июлда шаардык сот бул чечимди негизсиз деп таап, кайра кароого жол ачылганын “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун координатору Аида Байжуманова билдирген эле.
Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сынга алган. Маселе 6-сентябрда Брюсселде өткөн Кыргызстан менен Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча диалогунун 11-отурумунда да көтөрүлгөн. Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта, укук коргоочуга байланыштуу ишти "калыс жана ачык тергөө зарыл" экени айтылган.
Тергөө органдары Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айтып келүүдө. (КЕ)