Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:00

АКШнын Иран боюнча чабарманы Европага сүйлөшүүгө барат


Ирандын мамлекеттик телеканалы уран байытуучу жайды көрсөткөн. 6-июнь, 2018-жыл
Ирандын мамлекеттик телеканалы уран байытуучу жайды көрсөткөн. 6-июнь, 2018-жыл

АКШнын Иран боюнча атайын чабарманы Роберт Мэлли ушул аптада орусиялык жана европалык расмий адамдар менен Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүү үчүн Москвага жана Парижге барарын Мамлекеттик департамент билдирди.

Маалыматка караганда, 7-10-сентябрда Мэлли орусиялык жана европалык өнөктөштөр менен 2015-жылы жетишилген макулдашуудагы "Ирандын өзөктүк программасы жана Тегерандын өзүнө алган милдеттемелерин аткарууга тез арада киришүүсү" жөнүндө сүйлөшөт.

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Тегеран жана дүйнөлүк алты держава макулдашкан келишимден 2018-жылы чыгып кетип, Ирандын экономикасынын шайын оодарган катаал санкцияларды кайра киргизген. Иран буга жооп кылып, өзүнө алган милдеттемелеринен баш тартып, уранды байытууну кеңейткен.

Быйыл апрелден июнга чейин Венада эл аралык макулдашууну жандандыруу үчүн сүйлөшүүлөрдүн алты айлампасы өтүп, Тегеран менен Вашингтонду кепке келүүгө чакырган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган.

XS
SM
MD
LG