Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:51

10 жыл иштеген мугалимге миллион сом төлөп берүү демилгеленди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мектепте 10 жылдан ашык убакыт эмгектенген мугалимге миллион сом төлөп берүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында кабарланды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Жанарбек Акаев менен Абдывахап Нурбаев жазган.

Анда мектепте 10 жыл иштеген мугалимге миллион сом төлөп берүү жана республикалык, эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүсү болгон мектеп окуучусун даярдаган мугалимге үч айдын айлыгынын өлчөмүндөгү сыйлык берүү каралган.

Сыйлыкты берүүнүн тартибин Министрлер кабинети аныкташ керек.

Кыргызстанда орточо айлык 19 миң сомдун тегереги. Ал эми мугалимдердин маянасы орточо айлыкка да жетпейт. Башкача айтканда 15 миңдин гана тегерегинде.

Буга чейин Кыргызстандын мектептеринде эки миңден ашуун мугалим жетпей турганы айтылган. (МТа)

XS
SM
MD
LG