Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:17

Рахмон чөлкөмдө террордук коркунуч көбөйүп баратканына тынчсызданды 


Тажикcтандын президенти Эмомали Рахмон
Тажикcтандын президенти Эмомали Рахмон

7-сентябрда Дүйшөмбүдө Тажикстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Расмий маалыматка ылайык, иш-чарага 30 миң аскердик жана күч органдарынын өкүлдөрү катышты. Парад өтүп жатканда баш калаанын борбордук көчөсү бир нече саат жабык турду.

Тажик президенти Эмомали Рахмон « чөлкөмдө жана дүйнөдө террористтик, экстремисттик жана радикалдык кыймылдар менен уюмдардын жанданып баратканы чочулоого себеп болуп жатканын» айтты. Анткен менен тажик лидери Ооганстандагы кырдаал тууралуу ооз ачкан жок.

25-августта Рахмон Пакистандын тышкы иштер министри Махмуд Курейши менен жолукканда “Ооганстанда өкмөт басым-кысым аркылуу, өлкөдөгү майда улуттарды, анын ичинде тажиктерди кошпой тузүлсө, Тажикстан аны тааныбай турганын” айткан.

Ооганстандын түндүгүндөгү Панжшер провинциясында "Талибанга" каршылык көрсөтүү кыймылы түзүлгөн. Аны бул өрөөндөн чыккан аскер кол башчысы маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектейт. Талибдерге баш ийбей, Ооганстандагы тажик жана өзбек тектүү кошуундардын башын кошкон “Түндүк альянсты” жетектеп келген маркум Шах Масудду “Панжшердин арстаны” деп атап келишкен.

Тажикстан 9-сентябрда эгемендигинин 30 жылдыгын белгилейт. Бул күнү Дүйшөмбүдө 45 миңдей мектеп окуучусу, мамлекеттик кызматкер катышкан майрамдык салтанат өтөт.

XS
SM
MD
LG