Мындай мектептерде окуу ден соолук үчүн да кооптуу. Жыгач полу
чирип, чатырдан суу агып, шыптар жана дубалдар көгөрүп кеткен. «Жер алдынан эки метрден
кийин эле суу чыгат. Мугалимдер жана окуучулардын да көпчүлүгү ооруп калышат», - дешет Ош
облусунун Мирмахмудов айылындагы Үсөнбаев атындагы мектептегилер.
Кышында өтө
кыйын. «Кышкысын бул класста сабак өтпөгөнгө аракет кылабыз – эгер ага от жаксак түтөйт, аба
жетпей, дем кысылат. Мектептин баарын түтүн каптап, коридордон эч нерсе көрүнбөй калат.
Жылуу жерде дем жетпей отурганды же суукта кенен дем алып отурганды тандоого туура келет.
Биз адатта экинчисин тандайбыз. Балдар да, биз да көп ооруйбуз», - дешти Ысык-Көл облусунун
Ананьево айылынын Жусуп Абдрахманов атындагы
мектептегилер.
Мунун баары билим берүүнүн сапатын аксата
турганы түшүнүктүү. Оорудан улам балдар сабактан калат, сабак учурунда түтүнгө чакайт же
үшүгөнүн айтып даттанышат. Терезеден күн жакшы тийбегендиктен, балдардын көзү ооруйт. Антсе
да дээрлик ар бир мектеп жык-жыйма, балдар үч сменага бөлүнүп окуйт, бир партада үчтөн
отурушат. Мектептердин ички түзүмү менен балдардын окуудагы жетишкендиктеринин байланышын
изилдөөлөр да тастыктайт.
Бул
көйгөйлөр Кыргызстандын дээрлик бардык мектептеринде бар. 2011-жылдагы маалыматтар боюнча
мектептердин 13% гана борбордук жылытуу тутуму киргизилген. Башкалары электр кубаты менен же
от жагылып жылытылат, мектептердин 16% эч кандай жылытуу системасы жок. Мектептердин 86%
ашыгында өрт тууралуу белги берүүчү жабдыктар орнотулган эмес.
183 мектепте гана
ички дааратканалар курулган, булардын көпчүлүгү борбордо жайгашкан. Мектептердин
материалдык-техникалык абалы боюнча көптөгөн маалыматтар көптөн бери жаңыланган эмес, бул
дагы аталган маселеге мамлекеттин кайдыгер мамилесин билдирет.