Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:52

Коррупция жөнүндө маалымат бергендерге сыйлык төлөө сунушу талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коррупция тууралуу маалымат берген адамга сый акы төлөөнүн тартиби жөнүндөгү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду. Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Анда айтылгандай, бир жолу берилүүчү сый акы коррупциялык мыйзам бузуунун ордун толтурган акчанын эсебинен 10% өлчөмүндө төлөнөт жана анын суммасы бир миллион сомдон ашпоосу зарыл.

Жемкорлук тууралуу маалымат тийиштүү далил документтер менен бекемделиши талап кылынат. Аларды атайын комиссия текшерип турат.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу 2016-жылы коррупция тууралуу маалымат берген адамдарды коргоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун даярдап, коомчулуктун талкуусуна койгон. Анын негизги максаты жемкорлукка каршы күрөшкө жалпы коомчулукту тартып, коррупциялык мыйзам бузуу боюнча маалымат бергендерге акы төлөө экени айтылган. Мындай аракеттен майнап чыкпай турганын, коомдо баканооздук күчөй турганын белгилегендер да болгон.

Жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун 2020-жыл боюнча рейтингинде Кыргызстан 100 баллдын 31ин алган. Бул тизмеде балл канчалык аз болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук жогору. 2015-жылы Кыргызстандыкы 28 балл болчу.

Соңку кездери ири өлчөмдөгү коррупция үчүн кармалып, кийин тергөө менен макулдашып, акчасын төлөгөн соң камактан бошонуп кеткендер көп болуп жатканы эл арасында талкууга алынууда. (RK)

XS
SM
MD
LG