Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:33

Анкарада Айкөл Манастын айкели ачылды


Анкара, Манастын айкели.
Анкара, Манастын айкели.

31-августта Түркиянын башкалаасы Анкара шаарынын Кечиөрен аймагында орнотулган Манастын айкели ачылды. Ачылышка Кечиөрендин мэри Тургут Алтынок, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, кыргызстандыктар катышты.

Айкелди тургузууга кеткен каражат жеке демөөрчүлөр жана Кечиөрен мэриясы тарабынан каржыланганы кабарланды.

Ал эми бул иш-чарадан бир күн мурун президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон сүйлөшкөн. Анда Жапаров Эрдоганга 31-августта Анкарада ачыла турган Айкөл Манас эстилиги жана куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

Буга чейин Кечиөрен районундагы сейил бактардын биринде 2019-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун да айкели ачылган.

Ошондой эле 2017-жылы Стамбул шаарында бийиктиги 10 метрлик Манастын айкели орнотулган. (ElB)

XS
SM
MD
LG