Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:18

Абактагы Атамбаев бийликке кайрылуу жолдоду


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата деген кайрылуусун "Социал-демократтар" партиясы таратты.

Анда Атамбаев негизинен учурдагы президент Садыр Жапаровго кайрылып, эгемендик алган 30 жылдан бери Кыргызстан көп сыноодон өтүп, бийлик үч жолу элдик толкундоолордун жыйынтыгында алмашканын эскерткен.

Бийликте турганда көп ката кетиргенин, бирок мөөнөтүнүн аягына чейин иштеп, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп бергенин белгилеген.

"Кумтөрдүн миңдеген тонна алтыны чоочун колдорго тийгенине ким күнөөлүү? Тергөө абагында отургандарбы же президент ардак менен резиденцияда тосуп алган адамбы?", - деп айтылат кайрылууда.

Президенттин администрациясы Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусуна жооп бере элек.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев азыр Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу айыпталууда. Иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Атамбаевге былтыркы октябрдагы тополоң боюнча да айып тагылган. (МТа)

XS
SM
MD
LG