Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

АКШ: Роберт Кеннедини өлтүргөн кишиге ырайым берүү сунушталды


Серхан Серхан. 2016-жылдагы сүрөт.
Серхан Серхан. 2016-жылдагы сүрөт.

Калифорния штатынын Ырайым берүү боюнча комиссиясы 77 жаштагы теги палестиналык жаран Серхан Серханды эркиндикке чыгарууну сунуш кылды.

Бул тууралуу Los Angeles Times гезити жазды. 24 жаштагы Серхан 1968-жылы сенатор Роберт Кеннедини атып өлтүргөнү үчүн өлүм жазасына тартылган. Кийин анын жазасы өмүр бою абакта отурууга алмаштырылган.

АКШнын президенти Жон Кеннединин иниси Роберт Кеннеди агасы киши колдуу болгондон кийин беш жылдан соң атып өлтүрүлгөн. Агасы Ак үйдө отурганда Роберт АКШнын башкы прокурору болгон. Ал кызматта турганда уюшкан кылмыштуулуктун бетин ачкан бир нече сот иштери жүргөн.

1964-жылы кызматтан кетип, Нью-Йорк штатынан Сенатка мүчө болуп шайланган. Төрт жылдан кийин президенттикке аттанган. Шайлоо өнөктүгү маалында Лос-Анджелестеги "Амбассадор" мейманканасында атып өлтүрүлгөн. Ага кол салган киши дароо кармалган.

Серхан түрмөдө 53 жыл отурган, бул маалда 16 жолу ырайым сурап кайралган. Бул жолу ага ырайым берүүнү Кеннединин эки уулу да колдоду. Associated Press агенттиги айыпкердин кайрылуусундагы "Сенатор Кеннеди бүткүл дүйнөнүн таянычы эле, анын баарына балта чапканымды түшүнгөнүм жан ачытат", – деп айтканын жарыялады.

Лос-Анжелестин аймактык прокуратурасы Ырайым берүү боюнча комиссиянын чечимине каршы даттанбай турганын билдирди. Серхандын мындан аркы тагдыры тууралуу акыркы чечимди Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом кабыл алат.

XS
SM
MD
LG