Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:25

Бишкекте «Шамбала» тасмасынын премьерасы өттү


«Шамбала» фильминин постери.
«Шамбала» фильминин постери.

Бишкекте 26-августта режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасынын премьерасы өттү. "Манас" кинотеатрында уюштурулган иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, өкмөт өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция катышты.

Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде жаралган бир жарым сааттык «Шамбала» тасмасы Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» студиясында 2020-жылы тартылып бүткөн. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы ошол жылдын июль айында Кытайдын Шанхай шаарындагы фестивалда болгон.

Тасманы койгон режиссер жана сценарийдин автору Сүйүндүков сценарийин көптөн бери даярдап, фильмди тартыш үчүн жазуучунун макулдугун алып, далай кеп-кеңешин укканын 2018-жылы «Азаттыктагы»​ маегинде билдирген.

«Ак кеме» чыгармасынын негизинде биринчи тасманы 1976-жылы режиссёр Болот Шамшиев тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG