Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Бишкек, Ош жана Токмокто мэр шайланды

Бишкектин мэрлигине көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин 26-августтагы отурумунда мэр болуп шайланды. Ага 45 депутаттын 43ү добуш берди.

Ош шаардык кеңеши жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында жалгыз талапкер Алмаз Мамбетовду мэр кылып шайлады. Ага 45 депутаттын 43ү макулдугун берип, экөө каршы добуш беришти.

Токмок шаарынын мэри болуп Урмат Самаев шайланды. Ага шаардык кеңештин 19 депутаты добуш берген. Экинчи талапкер Азат Кубатбек уулу 11 добуш алган.

Добуш берүүгө 31 депутаттын 30у катышты. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевди, азчылык коалициясы Азат Кубатбек уулун көрсөтүшкөн. Депутаттар чогулбай, кворум жок болуп, добуш берүү дээрлик үч саат кечигип башталды.

Бишкекте шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и "Эмгекке", тогузу "Ата-Журт Кыргызстанга", сегизи "Ишенимге", жетөө "Ынтымакка", бешөө "Өнүгүү-Прогресске" жана дагы бешөө "Социал-демократтарга" тийген.

Ошто 45 мандаттын 19у “Ата-Журт Кыргызстанга”, 15и “Биздин Кыргызстанга”, жетөө “Улуттар Биримдигине”, төртөө “Бир Болго” ыйгарылган.

Токмокто "Бирге-Вместе" партиясына тогуз, "Эмгекке" сегиз, "Асыл Мурас-Жаштарга" беш, "Патриот Ынтымагына" беш жана "Эл Биримдигине" төрт мандат тийген.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн.

Токмокто депутаттар чогула элек

Бишкек жана Ош шаарларында ушу тапта жергиликтүү кеңештердин жыйыны өтүп, мэр шайлоо маселеси каралып жатат. Бишкекте жалгыз талапкер Айбек Жунушалиев, Ошто да жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов көрсөтүлгөн.

Талапкерлер депутаттардын суроолоруна жооп берип, мэр катары аткарууну пландаган иштери тууралуу айтып берип жатышат.

Бүгүн 26-августка Токмок шаарында да мэр шайлоо пландалган. Жергиликтүү кеңештин отуруму 9да башталып, 12де аяктары белгиленген. Саат 10:30га карата, “Азаттыкка” маалым болгондой, 31 депутаттын 13ү гана чогулду.

Бул шаарда мэрликке эки талапкер көрсөтүлгөн. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевди, азчылык коалициясы Азат Кубатбек уулун көрсөтүшкөн.

Сүрөттө Бишкек шаардык кеңешинин жыйыны:

Ош шаардык кеңешинин жыйыны өтүп, мэр шайлоо маселеси каралып жатат. Депутаттар мэрликке көрсөтүлгөн Алмаз Мамбетовго суроо берип, иш пландары менен таанышууда.

Мэрликке көрсөтүлгөндөрдүн таржымалы:

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG