Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Шайлоо-2021: аралаш системанын айыбы


Өзүн шайлоочулардын тизмесинен издеп жаткан жаран.
Өзүн шайлоочулардын тизмесинен издеп жаткан жаран.

Кыргызстанда бир мандаттуу округдардын аймагы такталып жатат. Бирок округдардын бөлүнүшү тууралуу акыркы чечим кабыл алына элек.

Парламенттик шайлоонун эрежесин аныктаган мыйзам долбооруна президент кол кое элек. Документ 28-июлда Жогорку Кеңеште колдоо таап, 4-августта президенттин аппаратына келип түшкөн. Мамлекет башчы 4-сентябрга чейин аталган мыйзам долбооруна кол коюп, же кайра артка кайтарышы керек. Анын автору президент өзү экенин эске алганда мыйзам долбоорунун четке кагылышы күмөн.

Эски системанын экинчи өмүрү

Парламент өткөн айда кабыл алган мыйзамга президент кол койсо, бул ирет Жогорку Кеңешке келе турган 90 депутаттын 54ү партиялык, калган 36сы бир мандаттуу шайлоо округунан шайланышы керек.

Мыйзам боюнча бири-бири менен чектешпеген аймактарда шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт. Ошол эле учурда кээ бир район же шаарларды шайлоочулардын санына жараша экиге бөлгөнгө туура келүүдө.

Шайлоо округдарынын картасын БШКнын алдындагы мекемелер аралык жумушчу топ аныктап жатат. Анын отурумуна катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев шайлоочулардын санына карап бөлүнүшү боюнча бир нече мисал келтирди.

Аалы Карашев
Аалы Карашев

“Талас облусу эки мандаттуу округ болуп жатат. Ар бирине 81 миңден шайлоочу туура келет. Андыктан Талас шаары, Талас району жана Бакай-Ата районунун жарымы бир округ болгону турат. Бакай-Атанын калган жарымы Кара-Буура жана Манас районуна кошулат. Жумушчу топто ар кандай сунуш айтылып жатат. Мисалы, Ысык-Көлдө Түп районун бөлүш керек деген сөздөр болууда. Ал эми Оштогу Ноокат районунда эки шайлоо округу түзүлүп, ага Араван районунун Тельман айылы кошулсун деген сунуш да болду. Шайлоо округдарын түзүүдө мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү бийликтин пикири эске алынып жатат. Жалпылап айтканда кээ бир райондор сөзсүз түрдө бөлүнөт. Анткени ар бир райондо 100 миңден шайлоочу жок да”.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнү дайындалгандан кийин жети календардык күндөн кечиктирбей шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу пункттардын тизмегин, добуш берүүчүлөрдүн санын түзөт жана бекитет.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 12-августуна карата шайлоочулардын саны 3 млн. 657 миң 805 адамды түздү. Бул санды 36га бөлө келгенде ар бир шайлоо округуна болжолдуу эсеп боюнча 100 миң 266 шайлоочу туура келет.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов азыркы учурда кайсы облуска канча мандат тиери белгилүү болгонун айтты:

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

“Талас облусунда 160 миң, Нарында 200 миңден ашуун шайлоочу бар. Ошон үчүн аларга экиден мандат каралды. Ысык-Көл жана Баткен облусунда 300 миңден ашык шайлоочу болгондуктан, аларга үчтөн мандат каралды. Бишкек шаарында 400 миңден ашуун шайлоочу бар. Бул жерде төрт шайлоо округу түзүлөт. Чүйгө алты, Жалал-Абадга жети мандат туура келет. Ош облусу, Ош шаарында 901 миңден ашык шайлоочу бар экен. Ага тогуз мандат бөлүнөрү каралып жатат”.

Ошондой эле, бул жолку мажоритардык система менен депутаттарды шайлоодо экинчи тур деген болбойт. Мурда “талапкер жалпы шайлоочулардын 50% добушун алыш керек” деген норма бар болчу. Эгерде талапкерлер бул чектен ашпаса, анда эң көп алган эки талапкер экинчи турга өтүп келген. Азыр ким көп добуш алса, ошол парламентке депутат болуп келет.

Мажоритардык системанын машакаты, талапкерлердин тиреши

Саясатчы Феликс Кулов бир мандаттуу шайлоо системасын жакшы билет. Ал 2000-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунан парламентке аттанган. Анын айтымында, ага ошол учурдагы бийлик каршы туруп, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жергиликтүү тургундар райондук администрацияны талкалап салышкан. Кулов ал учурдагы шайлоону мындай деп эскерди.

Феликс Кулов
Феликс Кулов

“Ал шайлоодо Акаев мага каршы туруп, өзүнүн кишиси Алымбай Султановдун талапкерлигин сүрөгөн. Шайлоонун жыйынтыгы болуп көрбөгөндөй бурмаланган. Буга каршы болгон эл Кара-Буура райондук администрацияны басып алышкан. Мени да угушкан жок. Райондун акими качып, шайлоо участкасын жетектеген жаран муунуп өлүп калган. Бул система өлкөнү туруксуздукка алып келиши мүмкүн. Мен 2-августта президент менен жолугуп, бул системанын тобокелдиктери жөнүндө айттым. Ал киши добуш сатып алуу, мыйзам бузуулар менен катуу күрөш болорун айтты”.

Кыргызстан парламентти мажоритардык система аркылуу акыркы жолу 2005-жылы шайлаган. Ал парламенттик шайлоодон кийин чыккан нааразылык 24-марттагы "Жоогазын революциясы" менен аяктаган. Ошол жылы аймактарда бийликтин “батасын алгандар” менен шайлоочулар сүрөгөн талапкерлер ортосунда эрегиш күчөп, митингдер менен коштолуп турган.

Кыргызстандагы "Жоогазын ыңкылабы". Сүрөт 2005-жылы 24-мартта тартылган.
Кыргызстандагы "Жоогазын ыңкылабы". Сүрөт 2005-жылы 24-мартта тартылган.

Мажоритардык система менен шайлоого каршылар гендердик баланс, улуттук азчылык, жаштардын квотасы бузуларын, парламентке жалаң байлар жана эркектер келерин жүйө келтирүү. Ошол эле учурда мындай система менен күчтүү депутаттардын шайланып келгенин далил келтиргендер да жок эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бир мандаттуу округдан шайлоого барууну артка кетүү катары эсептейт. Ага төмөнкүдөй мисалдарды келтирди.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

“2005-жылы шайлоодон кийин шайлоочулар акимчилик, облустук администрацияларды басып алган. Ошол жылдагы шайлоого аралашып жүргөн адам катары жеке пикирим менен бөлүшөйүн. Кыргызстандын өзүнө тиешелүү адаттарын унутуштун кереги жок. Ар бир уруу өз баласынын мандат алышын каалайт. Кушчу менен саруунун карама-каршылыгынан ким утат? Кочкор менен Жумгал бир округ болсо саяк менен сарыбагыш тирешет. Берки Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаада деле ушундай көрүнүш катталат. Аскар Салымбеков менен Накен Касиевдин илгерки тирешин эч ким унута элек. Аксыда багыштар менен саруулар мандат талашат. Кокту-колот чабышып эле жатып калабызбы? Мындан тышкары Чоң-Алай, Чаткал, Ак-Талаа сыяктуу майда-барат райондордон депутат чыкпай калат. Кээ бир талапкерди бийлик колдойт. Анын запкысын Садыр Жапаров өзү да тартып, мандатын алдырып жибере жаздаган да”.

Келерки парламенттик шайлоонун шартын аныктаган документти колдоп берердин алдында президент Садыр Жапаров менен жолугуп чыгышкан. Кыргызстандагы соңку парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өтүп, анын жыйынтыгында бийлик алмашкан.

Пропорционалдык системанын шарты кандай?

Жогоруда айтылгандай, Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу пропорционалдык жана мажоритардык система менен шайлоо өткөнү турат. Эми пропорционалдык добуш берүүгө токтололу. Буга чейинки жараянда чуу жараткан №2 форма жок болот. Добуш берүү күнү белгилүү болгондон кийин шайлоочулардын тизмеси эч өзгөрбөйт.

Жарандар паспортунда көрсөтүлгөн даректен гана добуш берсе болот. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларга кайрылып, паспортундагы дарегин бир сыйра тактап коюуга чакырууда.

“18 жаштан жогору курактагы, биометрикалык каттоодон өткөн жана жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгон адам гана добуш бере алат. Жергиликтүү тургун деп таанылышы үчүн анын паспортундагы дареги чыныгы жашаган жери менен дал келиши шарт. Ошондуктан шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактап, зарыл болсо дарегин тууралашы керек. Ал эми добуш берүү күнү шайлоочунун колуна эки бюллетень берилет. Бири бир мандаттуу шайлоо округуна, экинчиси пропорционалдык шайлоо системасына байланыштуу. Экинчи бюллетень менен партияга, анын ичинен талапкерге добуш берсе болот. БШК аралаш система менен шайлоо өткөргөнгө техникалык жактан даяр”, - деди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Ал эми чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар пропорционалдык система менен өтө турган шайлоого эле катыша алат. Саясий партиялар болсо шайлоого катышуу үчүн 1 млн. сом күрөө төгүп, парламенттен мандат алам десе 5% босого чектен ашышы керек.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG