Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:44

"Чек арасыз кабарчылар": Ооганстанда 100дөй медиа жабылды


Ооганстан. Жергиликтүү телеканалдардын биринин студиясы. 2018-жыл.
Ооганстан. Жергиликтүү телеканалдардын биринин студиясы. 2018-жыл.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык укук коргоо уюму Ооганстанда “Талибандын” сөз эркиндигин урматтайбыз деген убадасына карабай, олуттуу жана абдан катаал чектөөлөр киргизилгенин билдирди. Уюмдун кабарына караганда, өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) көзөмөл күчөтүлдү.

Штаб-кеңсеси Францияда жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" уюму Кабулда жана Жалалабад шаарында иштеген кеминде он журналист өзүнүн кесиптик милдетин аткаруу учурунда ар кандай коркутуп-үркүтүүгө дуушар болгонун мисал келтирди.

Талибдер өлкөнү ээлеп алгандан бери Ооганстанда көз каранды эмес 100дөй ЖМК ишмердигин токтотуп, жабылганын жарыялады.

Менчик телеканалдын кызматкери жашыруун түрдө талибдердин башчылары эфирге даярдалган бардык жаңылыктарды көзөмөлгө алып, кабарчыларга "эмнени жазып, эмнени коюшту" нускама берип жатканын айтып берген.

Талибдердин журналисттерге берген көрсөтмөлөрүнүн тизмеси күндөн-күнгө узарып жатканы кабарланууда. Алар шарият эрежелерине негиздеп, “Талибанга” гана үгүт жүргүзүүнү талап кылгандыктан көпчүлүк маалымат каражаттары ишин токтотууга аргасыз болгону уюмдун баяндамасында жазылган.

Быйыл 15-августта "Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулду ээлеп алып, өлкөнүн бардык аймагына көзөмөл орнотконун жарыялаган. Президент Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. Ал ушул күнгө чейин президенттик ыйгарым укуктарын өткөрүп бере элек.

Ооганстандагы түзүлгөн кырдаалдан улам чет элдик дипломатиялык миссиялар менен эл аралык уюмдардын кеңселери жабылып, кызматкерлерин алып чыгып кетишүүдө. Алар менен кошо талибдердин өч алуусунан корккон оогандыктар дагы өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөшүүдө.

"Чек арасыз кабарчылар" уюму дүйнө жүзүндөгү сөз жана басма сөз эркиндигинин абалына байкоо салып, атайын изилдөөлөрдү жүргүзүп турган эл аралык укук коргоо уюму.

XS
SM
MD
LG