Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

ИИМ: Төрт багыттан турган жаңы план иштелип чыгууда


Улан Ниязбеков.
Улан Ниязбеков.

Ички иштер министрлигинде (ИИМ) адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча төрт багыттан турган план иштелип чыгууда. Бул тууралуу 24-августта коллегиянын жыйынында министр Улан Ниязбеков билдирди.

Биринчи багыт катары кылмыштуулукту алдын алуу чараларын күчөтүү, эл менен кызматташып, милициянын тейлөө функцияларын жакшыртуу аныкталды. Экинчи багыт – коомдук коопсуздукту жана социалдык туруктуулукту камсыздоо. Үчүнчү – тергөөнү сапаттуу жана адилет жүргүзүп, элдин ишенимин арттыруу жана төртүнчү багыт – кесипкөйлүгү жогору, моралдык жактан туруктуу, руханий жана этикалык талаптарга жооп берген адистерди даярдоо.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн министрликтин борбордук аппаратына жана бардык жергиликтүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилди.

Коллегиянын жыйынында белгилүү болгондой, быйылкы жылдын алгачкы алты айында Кыргызстанда 76 миң кылмыш жана жорук катталган, кылмыштардын бетин ачуу деңгээли 55,9% туздү. Ыкчам издөө иштеринин алкагында 1051 мүчөдөн турган 425 кылмыштуу топ кармалып, алар жалпысынан 1083 кылмыш жасаганы аныкталды. (RK)

XS
SM
MD
LG