Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:22

БУУнун Кабулдагы кызматкерлери Алматыга убактылуу көчүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандагы туруксуз саясий-аскердик абалга байланыштуу БУУнун Кабулдагы кызматкерлерин ташыган экинчи учак Казакстандын Алматы шаарына келип конду.

Ошону менен БУУнун Ооганстандагы кеңсеси Алматыга убактылуу көчүп келди.

БУУнун өкүлү Стефан Дужаррик 23-августта Казакстанга учуп келген 120 жүргүнчүнүн арасында уюмдун Ооганстанда ар кайсы миссиялары менен кызматташкан оогандык бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү бар экенин билдирди.

БУУ буга чейин коопсуздукка байланыштуу өзүнүн Ооганстанда иштеген кызматкерлеринин биринчи тобун Алматы шаарына убактылуу которуу чечимин кабыл алган.

Казакстандын аскер-аба күчтөрүнө таандык учак 18-августта 141 кызматкерден турган биринчи топту Кабулдан алып келген.

БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын башчысы Дебора Лайонс анын командасынын 60 чакты мүчөсү Ооганстандагы ишин Казакстанда туруп координация кыларын билдирген. Биринчи топ менен келгендердин бардыгы БУУнун паспорттору бар дипломаттар экени айтылган.

Талибдер БУУнун Кабулдагы жана башка шаарлардагы кеңселерин күзөтүүнү убада кылган. Ооганстандагы БУУнун агенттиктеринде эл аралык мандаты бар дипломаттардан сырткары үч миңге чукул оогандык кызматкер иштейт.

“Талибан” кыймылы өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн басып алып, Кабулду ээлеген соң бир катар чет элдик дипломатиялык миссиялар өлкөдөн чыгып кете баштаган. Алар менен кошо талибдерден кооптонгон оогандык жарандар дагы өлкөдөн чыгуу үчүн Кабулдун аэропортунда азыркы күнгө чейин үйүлүп турат.

XS
SM
MD
LG