Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:59

ТИМ: Ооганстандан Катарга эвакуацияланган кыргыз жарандары Бишкекке жеткирилди


Кабул аэропортундагы учактын ичи. 2021-жылдын 22-августу.
Кабул аэропортундагы учактын ичи. 2021-жылдын 22-августу.

Ооганстанда кырдаал чукул өзгөргөндөн бери бул өлкөдөн Катарга эвакуация кылынган 11 кыргызстандык мекенине алып келинди. Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, алар 23-августтун таңында Доха – Дубай –Бишкек аба каттамы менен учуп келишти.

22-августта бир кыргызстандык аял Кабулдан Алматыга эвакуацияланды.

“Ооганстандын аймагында калган кыргыз жарандары Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жайгаштырылган, алардын коопсуздугу камсыздалган. Жакынкы аралыкта алар мекенине эвакуацияланат” деп билдирди ТИМ.

19-августка карата Ооганстандан 24 кыргыз жараны эвакуацияланган. Алардын 15и Казакстандын атайын учагы менен Алматы шаарына, андан кийин Бишкекке жеткирилген. Тогузу АКШнын атайын учагы менен Кабулдан Катарга жеткирилгени, аларды Кыргызстанга алып келүү жолдору караштырылып жатканы маалымдалган.

Ооганстандын аймагында дагы канча кыргызстандык калганы тууралуу так маалымат айтылган жок.

Кыргызстанда террордук уюм катары тыюу салынган "Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялаган. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG