Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Жапаров: Ишкерлерге мамлекеттик кепилдик алууга сынак жарыяланат


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров жакын арада президенттин жарлыгы менен ишкерлерге мамлекеттик кепилдик берүү жаатында сынак жарыяланарын билдирди.

Бул тууралуу Ысык-Көлдүн, Сары-Ой айылында өтүп жаткан эл аралык бизнес-форумда cөз болду. Жапаровдун айтымында, конкурстун алкагында 30 улуттук, 300 аймактык жана үч миң айылдык деңгээлдеги долбоорлор каралат. Анын жеңүүчүлөрүнө Экономика жана финансы министрлиги тарабынан каржылык ресурстарды алууга кепилдик берилет.

Жапаров Кыргызстан менен Орусиянын ишкер чөйрөсүнүн катышуусунда өтүп жаткан форумда 30 жылдан бери Кыргызстан 11,4 миллиард доллар насыя алганын, бул каражатты мамлекет гана колдонгогонун айтты.

"Биз биринчи жолу президенттин тапшырмасы менен мындай кепилдик берүүнү пландап жатабыз, конкурстун жеңүүчүлөрү мамлекеттик сатып алууларга товар алып келүүчү боло алышат", - деди Жапаров.

Бүгүн, 19-августта Ысык-Көлдөгү Сары-Ой айылында кыргыз-орус ишкерлеринин "ЕАЭБдин алкагында жаңы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" аттуу үчүнчү бизнес-форуму өтүп жатат.

Ага Кыргызстан, Орусия, Өзбекстандан ишкерлер менен Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG