Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Балдарга мекендин ар бир бурчун көрсөтөлү


Кыргызстан. (Сүрөт жөө туризм биримдигине таандык).
Кыргызстан. (Сүрөт жөө туризм биримдигине таандык).

Быйылкы жайкы эс алууну көпчүлүк абдан күткөндөй таасир калтырды. Себеби бир жарым жылдан бери уланып жаткан коронавирус пандемиясынан улам, ден соолуктун, дегеле тирүүлүктүн баркын баарыбыз эле сезип билгендей болдук.

Айрыкча коронавирус менен ооругандар табият менен таза абанын кадырын даана сезишти. Кечээ эле катарда турган адамдын бүгүн эле кырдан “кылт” дей түшкөнү – тирүүлүктүн ар бир күнүн барктап жашоого үйрөтүп жатат. Көп адамдардын жашоого болгон көз карашы, баалуулуктары өзгөрүп жатканын көрүп жатабыз.

Ушундан улам Кыргызстандын чар тарабындагы жайлоолорго эс алууга чыккандар жашыл карагайларга, чөпкө, гүлдөргө, кызарып баткан күнгө суктанып, абанын тазалыгына маашырланган табияттын кооз сүрөттөрүн социалдык тармактарга көп жайылтып жатышат. Кадимки эле боз үйдө нанды каймакка малып жеп, очокко казан асып тамак жасаганды экзотикага айландырган көрүнүштөр көз кубантат.

Бир чети эл көп жашаган шаардан азга болсо да тоо аралай обочолонуп, суу жээктеп, көлгө түшүп, былтыр болбой калган эс алуунун да ордун толтуруп жаткандай. Быйыл ички туризм мурдагы жылдардан айырмаланып алдыга жылып жаткандай таасир калтырууда. Негизи ички туризм ушинтип эле өнүгөт.

Эгер Кыргызстанда эле өз районунан башка жакка барбаган адамдар көп десем, жаңылбасам керек. Керек болсо өз районундагы Кыргызстанга таанымал атактуу жайларга бара электер да арбын. Ал эми Бишкекте шаардан тышкары Ысык-Көл менен Ала-Арча капчыгайын гана көрүп өсүп жаткан балдар андан да көп.

Менин балдарым деле Бишкек, Ысык-Көл менен өз айылыбыздан башка жактарды көрүшө элек. Ушундан улам, өсүп келе жаткан балдарыбыз Мекендин кадырын билип, сүйүп чоңоюшсун десек, жыл сайын каникулда

Кыргызстандын ар башка аймактарын балдарга көрсөтүп, эл таанытып, жер таанытсак мыкты болор эле. Кийин башка мамлекеттерге окууга, иштөөгө кетсе да, кайра кайтып келе тургандай Мекенди сүйүү сезимин жүрөгүнө сиңире алсак, чоң олжо болмок.

Болбосо өмүрүндө Нарындан же Баткенден чыкпаган секелек кыздар менен боз уландар мектепти бүтөөр менен Москва сыяктуу мегаполистердин шарданына аралашып, туулуп-өскөн жерди сүйүү, барктоо сыяктуу сезимдерден куру калып жатышкандай. Мекен аларды бага албай калып, алыска жумушка айдап жиберген чоочун адамдай таасир калтырары турган иш. Алыска кетсе да кайра сөзсүз кайтып келе турган жол – бул Кыргызстандын дүйнөдөгү көп өлкөлөрдөн айырмаланган мыкты мамлекет экенин, кооз жаратылышын, туулуп өскөн мекениңди эч бир башка жерге алмашууга болбой турганын көкүрөгүнө сиңирүү менен жеткирүү.

Эгер ар жылы жайкы каникулда балдарды Кыргызстандын ар башка аймактарына алып барып эл-жерди көрсөтүп турсак, балдар мектепти бүткүчө өлкөбүздүн бардык тарабын көрүп чыгууга болот. Мекенге болгон сүйүү, коргоо сезими да бекемдеп, алыста жүрсө да кайтууга ашыгып турушат эле.

Ар бир үй-бүлө ушундай кылса, жаштарда мекенчилдик, ата мекенди сүйүү, коргоо сезими күчтүү болуп, түндүк-түштүккө бөлүнүү азайып, элдин ынтымагы бекемдеп, мамлекетибиз да күчтөнмөк. Ички туризмге да пайда болмок.

Дегеле акыркы жылдарда аздан болсо да ички туризм канатын жайып келе жатканы байкалып турат. Достор, шеринелештер, курсташтар жылыга Кыргызстандын ар кайсы аймактарына мейманга баруу, тоолорго жөө жүрүшкө чыгуу, эң алыскы аймактардагы кооз көлдү көрүү үчүн атайын чыгынып баргандар арбып бара жатат.

Эс алуу маданияты менен бирге эс алууга атайын каражатты жыл башынан топтой жүрүүнү да ар бир үй-бүлө калыптандырса жакшы болор эле. “Быйыл Ошту көрүп келдик, эмдиги жылы Нарынды көрүп келели, балдарым” деп пландап каражат топтоп, эс алганга көнсөк, кандай сонун болмок!

Ал эми чет өлкөлүктөр Кыргызстандын табигый сулуулугу тууралуу жакшы эле кабардар болуп калышты. Кээде кыргыз баласынын буту баспаган жерлерде чет элдиктер жүргөнүн байкоого болот.

Ички туризмди өнүктүрүп жаткан жеке ишкерлерге баарыбыз ыраазы боло турган жердебиз. Колдон келсе эс ала турган жайларына барып, бир маал тамактанып болсо да каражат таштап кете тургандай эс алуу маданиятын калыптандырсак жакшы болор эле. Ошол кичине каражаттан куралган иштин натыйжасын кайра эле келерки жылы көрмөкпүз.

Жеке ишкерлер алыскы тоолорго кичине болсо да конок күтө турган жай салып, башкалардан эмне менен өзгөчөлөнүп турушу керектиги боюнча креативдүү ой жүгүртөрүн көрүп жатабыз. Мисалы, быйыл Соң-Көлдө ачык асман алдындагы эки кишилик эс алуучу жай “Кыргызстандагы эң кичине отель” болуп табылды. Туризм менен иш алып барган ишкерлер биргелешип, чет өлкөлүк белгилүү пиар технологдорду чакырып, жалпы Кыргызстан боюнча эс алуучу мыкты жайларды, экологиялык таза тамак-аштардын кандай даярдаларын тарттырышып, социалдык тармактарда жайылтып жатышат. Туризм бул эс алуу менен бирге жан дүйнөнү өзгөрткөн сонун эмоциялар да эмеспи.

Жети-Өгүздөн Санкт-Петербург шаарынын он бештей мектеп окуучулары палаткада түнөп, мугалими менен бирге жер көрүп жүргөнүн кезиктирдим. Дагы бир жолу кызыл тоолорду аралап жүрсөм, кокустан чет элдик адам алдыман чыга калганда Кыргызстанды мага караганда ошол киши көп аралагандай көрүнүп кетти.

Аэропортто Голландиядан келген кыз-жигит өздөрүнөн чоң рюкзакты артынып алышып, Ош базарын кыдырып андан ары Каракол шаарына жетүү үчүн таксист менен эптеп орусча сүйлөшүп жатканын учураттым. Быйыл туугандарыбыз Ат-Башыдагы Таш-Рабатты, Нарындын Салкы-Төр жайлоосун көрүүгө атайын чыгынып барышты. Өз мекенибиздин кадыр-баркын көтөрө турган кез келди.

Аскер Сакыбаева, журналист

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG