Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Тенгиз Бөлтүрүк: Кумтөрдөгү тышкы башкарууну узартабыз


Тенгиз Бөлтүрүк жана президент Садыр Жапаров Кумтөр кенинде.
Тенгиз Бөлтүрүк жана президент Садыр Жапаров Кумтөр кенинде.

«Кумтөр Голд» компаниясындагы тышкы башкаруу узартылат. Бул тууралуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк “Азаттыкка” маалымдады.

Анын айтымында, тышкы башкарууну узартуу жөнүндө Министрлер кабинетине сунуш берилди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров жакынкы күндөрү чечим кабал алынарын маалымдады.

Кыргыз тарап май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген.

Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган. Учурда Нью-Йоркто сот уланып жатат. Кыргыз тарап АКШдагы сот Кыргызстандагы кендин тагдырын чече албай турганын билдирип жатат.

Кумтөрдүн айланасындагы быйылкы окуялардан улам “Центерранын” Торонто жана Нью-Йорк биржаларындагы акцияларынын баасы төмөндөп кетти. Мындан улам Кыргызстандын “Центеррадагы” 26% үлүшүнүн наркы да төмөндөдү. (ErN/TSh)

XS
SM
MD
LG