Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:05

«Кумтөр Голд»: Коопсуз, туруктуу жана пландык режимде иштеп жатабыз


Кумтөр. Архивдик сүрөт.
Кумтөр. Архивдик сүрөт.

«Кумтөр Голд» компаниясы коопсуз, туруктуу жана пландык режимде иштеп жатканын билдирди. 16-августта ишкананын расмий сайтына жарыяланган маалыматта иш канадалык «Центерра Голд» («Центерра») компаниясы жасаган тоскоолдуктарга карабастан үзгүлтүккө учурабаганы, бардык маалыматтык системалар жана байланыш калыбына келтирилгени, азыр жумушчулар коопсуз шартта иштеп жатышканы айтылды.

Тышкы башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүк жетектеген команда келечекке план түзүп, кенди иштетүүнүн жаңы стратегиясын жазып жатканы, анда алтынды жер астынан казып алуу ыкмасы каралганы белгиленди.

Кыргыз тарап май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген.

Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган. Учурда Нью-Йоркто сот уланып жатат. Кыргыз тарап АКШдагы сот Кыргызстандагы кендин тагдырын чече албай турганын билдирип жатат.

Кумтөрдүн айланасындагы быйылкы окуялардан улам “Центерранын” Торонто жана Нью-Йорк биржаларындагы акцияларынын баасы төмөндөп кетти. Мындан улам Кыргызстандын “Центеррадагы” 26 пайыздык үлүшүнүн наркы да төмөндөдү. (RK)

XS
SM
MD
LG