Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:27

CPJ Жапаровду сөз эркиндигин чектеген мыйзамга кол койбоого чакырды  


Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жакында парламент кабыл алган “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун четке кагып, аны артка кайтарууну сунуштады.

Эл аралык уюмдун маалымдашынча, бул мыйзам долбоору Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн олуттуу коркунуч туудурат.

Кайрылууда кыргыз бийлиги журналисттерге каршы колдонулушу мүмкүн болгон мыйзамдарды иштеп чыгуудан алыс болушу керектиги көрсөтүлгөн.

Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) программалык директору Карлос Мартинестин айтымында, Кыргызстанда бул мыйзамды кабыл албаган күндө деле атайылап ойдон чыгарылган жалган ушактарды таратууну ооздуктоочу мыйзамдык механизмдер жетиштүү. Ошондуктан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорундагы мамлекеттик органдарга бериле турган ыйгарым укуктар көз карандысыз медиага каршы колдонулуп, сөз эркиндигин басмырлоого жол ачышы мүмкүн экени айтылат.

Жогорку Кеңеш 28-июлдагы кезексиз жыйынында чоң талаш-тартыш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган. Мыйзам долбоорун 97 депутат колдоп, 5 эл өкүлү каршы болгон.

Алгач мыйзам долбоору парламенттин 30-июнундагы жыйынында өтпөй калган эле. Бирок аны 28-июлда кээ бир депутаттар кайра добушка салуу керектигин айтып чыгышкан.

Бул документти депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Ушул эле мыйзам долбоору буга чейин “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталып, парламент былтыр экинчи жана үчүнчү окууда удаа кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.

Быйыл, 2-июнда парламентте документтин макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам долбоору "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" деп өзгөртүлгөн, бирок ал колго салганда парламенттен колдоо тапкан эмес.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, четке кагылган мыйзам долбоору алты айдан кийин гана кайра каралышы керек болчу.

XS
SM
MD
LG