Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:38

Жапаров: Айсулуу Тыныбекова майтарылгыс эркти көрсөттү


Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбекованы куттуктаган учуру.
Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбекованы куттуктаган учуру.

Президент Садыр Жапаров балбан Айсулуу Тыныбекованы Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болушу менен куттуктады.

Мамлекет башчысы бул окуяны "Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү унутулгус күн" деп сыпаттады.

"Сиздин жогорку сыйлыгыңыз көп жылдар бою күн сайын, талбай машыккан эмгегиңиздин, жеңишти көздөгөн темирдей эркиңиздин, улуу максаттарга умтулгандыгыңыздын акыбети болуп калды. Сиз татыктуу күрөш, мыкты даярдык жана майтарылгыс моралдык дух көрсөттүңүз", - деди Жапаров.

Өлкө башчысы Айсулуу Тыныбековага телефон чалганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Айсулуу Тыныбекова 4-августта кыз-келиндер күрөшүнүн финалында жапониялык Юкако Каваи менен күрөшүп, 4:3 эсебинде утулду.

Бир күн мурун күмүш жана коло уткан балбандар Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазарованы да президент куттуктап, улуттук спорт тарыхындагы ийгилик катары баалаган.

Мамлекет Олимпидада алтын медал алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

Токио-2020 оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Алардын ону байге ала албады. Алдыда дагы үч спортчу күч сынашат. (SE)

XS
SM
MD
LG