Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Акын Сейит Жээнбаев дүйнө салды


Акын Сейит Жээнбаев. Сүрөт Интернеттен алынды.
Акын Сейит Жээнбаев. Сүрөт Интернеттен алынды.

Поэзия күйөрмандарына өзүнүн бир катар чыгармалары менен таанылган акын Сейит Жээнбаев 53 жашында дүйнө салды.

«Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган, жаш акындардын республикалык “Жаңы толкун” адабий сынагынын лауреаты болгон Жээнбаев поэзия айдыңында өзүнүн үнү, чыйыр жолу бар, көңүлдөгү чындыкты ачык жазган акын экенин калемдештери белгилеп жатышат.

Акын поэзия сүйүүчүлөрүнө “Белгисиз кусалык”, “Бир жолу кечинде”, “Июлдагы коштошуу”, “Сүйүүгө таазим” аттуу ыр жыйнактары менен таанылган.

Маркумдун бир катар ырларына обон жазылып, ырдалып жүрөт.

Жээнбаев Нарын облусунда, Кочкор районунун Көк-Жар айылында 1968-жылы туулган. (RK)

XS
SM
MD
LG