Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:09

Кыргызстанда коронавируска каршы 600 миңден ашык киши эмделди


Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөр 611 миңден ашты. Алардын 123 миндейи вакцинанын эки дозасын тең алгандар. Бул 3-августта кечки саат 8ге карата берилген расмий маалымат.

Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда.

Өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий катталган саны 165 миңден ашып, эки жарым миңге жакын бейтап көз жумду.

Учурда республиканын бардык аймактарында Sinopharm, AstraZeneca жана "Спутник V" вакциналарын алууга шарт бар.

Вакцина 18 жаштан улуу курактагы бардык каалоочуларга сайылууда. Кыргызстандын калкы 6,5 миллион адам. Алардын 30% 15 жашка чейинкилер. (SE)

XS
SM
MD
LG