The New York Times гезити Ооганстандагы кыргыздардын абалына кайрылып, “Согуш тынч, обочодо жашаган малчыларга жетти” деген макаланы жарыялады. Коронавирустун "дельта" варианты бир катар өлкөлөрдү кайрадан беткап тагынуу өңдүү чараларды, эмдөөнү күчөтүүгө аргасыз кылууда.
"Америкалыктар калса кыргыздар өздөрүн коопсуз сезер эле"
The New York Times гезити 29-июлдагы санында Ооганстандагы кыргыздардын абалына кайрылып, “Согуш тынч, обочодо жашаган малчыларга жетти” деген макаланы жарыялады.
Эндрю Крамер көлөмдүү материалында 350 чакты этникалык кыргыздын боз үйлөрүн, оокаттарын жүктөп, 4 миң чакты баш мал-жандыгын айдап алып коопсуз жер издеп Вахан коридору аркылуу жолго чыкканын сүрөттөп, Тажикстан аларды артка кайтарганын жазат.
Журналисттин айтымында, Кытай, Пакистан жана Тажикстан ортосунда, бийик тоолордун койнунда орун алган аймак АКШ аскерлери Ооганстанга жайгашып келген 20 жыл бою тынч болчу. Бирок ушул жайда кыргыздар байырлаган Бадахшандын басымдуу бөлүгү талибдердин колуна өттү.
Макалада памирлик кыргыздардын Дүйнөлүк ассоциациясын жетектеген Буньямин Токердин ой-пикирлерине орун берилген. Анын маалыматына караганда, "Талибан" Ваханга өз чабармандарын жөнөтүп, кыргыздар мал чарбалары менен алектенип, оокатын кыла берсе болот деп айтышкан, ошол эле маалда малдарын санап кетишти. Жергиликтүү эл аларга салык салышат же мал-жандыктарын тартып алышат деп чочулашат деген Токер: “Кыргыздар ооган өкмөтү аларды коргой аларына ишенбейт", - деген оюн ортого салат.
Крамер андан ары ал жактагы кыргыздардын тарыхына жана коопсуздугуна кайрылат.
"Кытай "Бир алкак - бир жол" долбоорунун алкагында быйыл эле Вахан коридору аркылуу өтчү жолду курууну тездете баштады. Бул кылымдар бою обочодо жашап келген эл үчүн анча жакшы жышана эмес. Себеби, жол талибдердин алга жылуусуна шарт түзмөкчү", - деп айтат Токер.
Ал "америкалыктар калса кыргыздар өздөрүн коопсуз сезер эле, аскерлердин Ооганстандан шашылыш чыгып кетүүсү туура эмес, алар адегенде стабилдүүлүктү орнотуш керек болчу" деп улантат.
Макалада ошондой эле, Өзбекстан Ооганстан менен чек арасында Орусия менен биргелешкен аскердик машыгуу пландап жатканы, Вашингтондун Борбор Азия өлкөлөрүнө 9 миңдей ооган качкынын кабыл алуу өтүнүчү тууралуу баяндалат.
"Дельта" дүйнө калкын бушайман кылууда
Коронавирустун "дельта" варианты бир катар өлкөлөрдү, анын ичинде кризистен чыгып келаткан АКШ жана Израилди кайрадан беткап тагынуу өңдүү чараларды күчөтүүгө аргасыз кылууда.
Дүйнөдөгү абалга сереп салган макаласын Le Monde гезити 30-июлда басып чыгарды. AFP агенттигинин маалыматына караганда, Covid-19 илдетине каршы 4 миллиарддан көп доза вакцина жасалды. Бирок эмдөө жараяны мурдагыдай эле тегиз жүргөн жок. Өнүккөн мамлекеттерде 100 кишинин 97си эмделсе, жакыр өлкөлөрдө 100 кишиге 1,6 доза туура келет.
АКШда президент Жо Байден жай айлары “эркин” болоруна убада кылганы менен, "дельта" жайылгандыктан, эмдөөнү күч алдыруу туура келүүдө. Гезит жазгандай, федералдык кызматкерлер эмделүүгө тийиш, болбосо коронавирус анча тарабаган жерлерде да маска кийип, аптасына бир-эки жолу анализ тапшырып турууга милдеттүү болушат. Алардын эки жакка каттоосу да чектелмекчи. Басылма белгилегендей, мажбурлоого жол берилбейт деп айтып келгени менен, америкалык жетекчилик буга чейинки саясатын өзгөртүп жаткандай. “Эркиндик менен кошо жоопкерчиликти да унутпоо зарыл”, - деди президент.
Вакцинация жагынан үлгүлүү өлкө катары айтылып келген Израил вирусту жугузуп алгандар көбөйгөндүктөн, 60 жаштан ашкандарга, жарым жыл мурун эмделген болсо, вакцинанын үчүнчү дозасын саюуну чечти. Өлкө калкынын 55% толук эмделген. 1-августтан тарта 12-16 жаштагылардын иммунизациясы башталмакчы.
Британия алдыдагы эки жумада Бирма калкынын жарымы же 27 миллиондой киши Covid-19 оорусуна чалдыгышы мүмкүн деп Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде эскертти. Расмий Лондон февралда мамлекеттик төңкөрүш болгон өлкөгө вакцина жеткирүү үчүн ок атышууну токтотуу багытында чара көрүүгө чакырды.
"Дельта" варианты Кытайда да, анын ичинде Бээжинде жайылууда. Өлкө жыл аягына чейин калкынын 65% эмдөөнү көздөйт.
"Орусиялык атлеттер Токио Олимпиадасына барышы керек беле?"
Токиодо 32-жайкы Олимпиада уланууда. BBC дүйнөлүк кызматы допинг чырынан улам санкцияларга кабылган Орусия курама командасынын оюндарга катышуусу тууралуу сөз кылып, айрым атаандаштары алар дегеле Жапонияга барышы керек беле деген суроо салышканын жазат.
Орусиянын спортчулары жеңип, алтын медал тагынганда улуттук гимни ордуна Петр Чайковскийдин чыгармасы жаңырып турат, деп эске салат макала автору. 300 атлеттен турган команда Орусиянын Олимпиада комитетинин өкүлдөрү катары спорттун 30 түрү боюнча ат салышууда. Орусиянын символикасына тыюу салынган.
Айрым спортчулар допингге аралашкан өлкө Олимпиадага таптакыр катышпашы керек эле дешет.
Америкалык суучул Райан Мөрфи орусиялык Евгений Рыловго утулуп калгандан кийин "финал балким таза өткөн жок" деген күмөн ою менен бөлүштү. Кийин ал сөзүн бир аз оңдоп, жалпы кызытма тууралуу айтканын белгиледи. Британиялык суучул Люк Гринбэк ошол жарышта коло медал тагынган. Анын айтымында, "допинг колдонгон эмес деп так айта албаган атаандаштар менен ат салышуу оңой эмес кырдаал жаратат" деп эсептейт.
АКШнын дагы бир өкүлү, кайык менен сүзүүчү Меган Калмое Василиса Степанова менен Елена Орбинская экинчи орунду ээлегенден кийин “бул жерде болбошу керек эле деген команданын күмүш медал алганы жагымсыз сезим жаратат” деп комментарийледи.
Ал тапта дүйнөнүн экинчи ракеткасы Даниил Медведев орусиялык катышуучулар Олимпиадада “таза эмес спортчулар деген жарлыкты сезип жатышабы" деген суроого ачууланып, кабарчыга "Сизди экинчи көргүм келбейт" деген жообун кайтарды.
Жогоруда сөз болгон Мөрфинин айткандарынан кийин Орусиянын Олимпиада комитети атлеттер Токиого "толук укуктуу" келишкенин "Твиттерге" жазды. "Айрымдар каалайбы же жокпу, утулганды үйрөнүшү керек" деп кошумчалады комитет.
Макалада Орусия 2016-жылы Риодогу оюндарга, мындан 3 жыл мурун Пхенчхандагы Олимпиадага да ушундай чектелген шартта катышканы белгиленет.