Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:22

Аскер кызматкерлеринин пенсия курагын көтөрүү сунушталууда


Аскердик машыгуу. 2021
Аскердик машыгуу. 2021

Жогорку Кеңеште аскер кызматкерлеринин пенсияга чыгуу курагын эки жылга узартуу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Аталган мыйзам долбооруна ылайык, капитанга чейинки офицердик курамдын пенсия курагы 43 жаштан 45 жашка жогорулайт.

Ал эми майор жана подполковниктер мурда 48 жашында пенсияга чыккан болсо, бул мыйзам долбоору кабыл алынса, 50 жаштан пенсияга чыгат.

Мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Нурбек Сыдыгалиевдин айтуусунда, аскер кызматкерлеринин пенсия курагын узартуу Куралдуу күчтөрдүн кадр потенциалынын деңгээлин көтөрүүгө оң таасирин тийгизет.

Коргоо министринин биринчи орун басары Нурлан Кирешеев мекеме мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди. Анын айтымында, документ кабыл алынса, Куралдуу күчтөрдүн катарында жашы улгайган офицерлер кызмат орундарын көпкө ээлеп калат.

Коргоо министринин биринчи орун басарынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2003 офицер кызмат кылат. Анын 1297си подполковникке чейинки офицердик курам. (МТа)

XS
SM
MD
LG